“Улуттук тазалык күнү” демилгесин колдоо максатында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин, “Бишкек” ЭЭАнын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрү “Улуттук тазалык күнү” демилгесин колдоо максатында жалпы улуттук ишембиликке чыгышты.

Белгилей кетсек, Улуттук агенттик экологиялык иш-чараларга активдүү катышууда. Ишембиликтин жүрүшүндө Сейил жаратылыш паркынан Байтик айылына чейинки жолдун боюндагы аймак тиричилик таштандыларынан тазаланды.

Эске салсак, “Улуттук тазалык күнү” жана тиричилик таштандылары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү – бул Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгында коюлган маанилүү милдеттердин бири.

Бул демилгенин алкагында республиканын бардык шаарларында жана калктуу конуштарында ишембиликтер өтүп жатат. Улуттук агенттик бардык кыргызстандыктарды өлкөбүздүн экологиялык тазалыгын сактоого өз салымын кошууга чакырат.