Monthly Archives: October 2022

Түркиянын “Proje Limited” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Опубликовано: 27.10.2022 в 18:10

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында Түркиянын “Proje Limited” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Түрк ишкерлерине мамлекет тарабынан берилген преференцияларды, жеңилдиктерди жана кепилдиктерди эске алуу менен энергетика тармагында маалымат берилип, актуалдуу жана өз ара пайдалуу, анын ичинде МЖӨ механизминин алкагындагы долбоорлор сунушталды. Шилтеме: “PROJE LIMITED COMPANY” 1975-жылы негизделген Түркиянын алдыңкы дизайн жана консалтинг фирмаларынын бири. Бүгүнкү күндө компаниянын курамында 47 архитекторлор, шаар куруучулар жана ландшафт архитекторлору башкы кеңседе жана ар кандай инженердик биргелешкен ишканаларда, ошондой эле Европадан, Япониядан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн көптөгөн эл аралык өнөктөштөр бар.

Умбриэль Темиралиев “Albayrak Group” компаниясынын технологиялар боюнча директору Эрдал Налбан менен жолугушту

Опубликовано: 26.10.2022 в 17:21

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев “Albayrak Group” компаниясынын технологиялар боюнча директору Эрдал Налбан мырза менен жолугушту. “Albayrak Group”  — Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан түрк көп улуттуу конгломераты. Эң байыркы курулуш компанияларынын бири. 1982-жылдан баштап текстиль, энергетика, каржы, логистикалык жана медиа бизнес чөйрөсүндө активдерге ээ болгон холдинг. Компанияда  ар кайсы өлкөлөрдөгү туунду  ишканаларды кошкондо 15000ден ашуун адам иштейт. Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасына инвестиция салуу маселелерин талкуулоо болду. Жолугушуунун жүрүшүндө агенттиктин башчысы түрк компаниясынын өкүлдөрүнө “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр,  мыйзамдын артыкчылыктары, ошондой эле өлкөнүн айрым аймактарында атайын инвестициялык режимди түзүү, МЖӨ багыты  боюнча долбоорлорду, санариптештирүү жана коопсуз шаар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу  тууралуу маалымдады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар иштебей турган ишканаларды жана алардын ишин кайра баштоо механизмдерин талкуулашты. Эрдан Налбант компаниянын дүйнө жүзү боюнча 9 мамлекетте ишке ашырып жаткан долбоорлору жөнүндө айтып берди. […]

Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин КЭР Элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юе менен жолугушуусу болду

Опубликовано: 26.10.2022 в 16:47

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2022-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин КЭР Элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча бөлүмүнүн кеңешчиси Ли Юе менен жолугушуусу болду. Талкуунун негизги темасы эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин динамикасын активдештирүү маселеси болду. У.Темиралиев агенттиктин максаты соода мамилелеринин өлчөмүн ырааттуу жогорулатуу, өз ара пайдаланууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты тең салмактуу өнүктүрүүгө дем берүү, ошондой эле кыргыз продукциясын Кытай Элдик Республикасынын рыногуна экспорттоону көбөйтүү экендигин белгиледи. “Экспорт, импорт, ишкердик, инвестициялар – булардын бардыгы  бири-бирине  байланышкан  нерселер, алар кыргыз – кытай мамилелерин өнүктүрүүнүн башкы катализатору болуп саналат”, – деп белгиледи У.Темиралиев. Өз кезегинде Ли Юе кытай базарлары кыргыз продукциясы, атап айтканда бал, сүт жана алкоголь азыктары менен тааныш экендигин белгиледи. Кеңешчи Кыргыз продукциясы суроо-талапка ээ экендигин жана кытай компаниялары өз ара кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык жагымдуулук, ошондой эле мамлекеттин инвесторлорго берчү жеңилдиктер жана өзгөчө […]

Бизнес-коомчулук менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө гана өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча иште түп-тамырынан бери өзгөрүүлөр болушу мүмкүн

Опубликовано: 24.10.2022 в 14:36

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2022-жылдын -24октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиевдин бизнес-коомчулуктун 100дөн ашык өкүлү менен жолугушуусу болуп өттү. Ушул жолугушуунун максаты бизнес-коомчулук менен инвестициялык чөйрөдөгү учурдагы абалга байланыштуу маселелердин кеңири түрү боюнча ачык диалог жүргүзүү, жакынкы мезгилге инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин иш-аракеттеринин пландары жөнүндө маалымдоо, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бизнести колдоо боюнча мүмкүн болгон чаралар, Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы салыктык жана бажылык жеңилдиктери бар инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун илгерилетүү үчүн инвестицияларды, чет өлкөлүк рынокторду жана каналдарды тартуу процессине даярдоо этабы, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун коргоо жана коштоо боюнча пикир алмашышты. Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып  Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т.Темиралиев ведомствонун өзгөчө контролдо турган биргелешкен чаралардын планына ылайык бизнес-коомчулук менен тыгыз кызматташууну  […]

Бишкекте ата мекендик ишкерлердин америкалык компаниялар менен бизнес жолугушуусу өтөт

Опубликовано: 21.10.2022 в 17:47

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2022-жылдын 21-октябрында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиевдин Америка-Кыргызстан ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Елена Сон  менен жолугушуусу болуп өттү. Америка-Кыргызстан ишкерлер кеңеши General Electric жана AGCO, Baker & McKenzie LLP сыяктуу ири компаниялар тарабынан негизделген. Компаниялар Кыргыз Республикасынын АКШ менен соода-экономикалык өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү жана өлкөгө американын инвестицияларын тартуу үчүн Америка-Кыргызстан ишкерлер кеңешин түздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Америкалык-Кыргыз ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Елена Сон америкалык компаниялар Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго кызыкдар экендигин  жана азыркы учурда Кыргызстандын атаандаштык чөйрөсүн жана товардык рыногун талдоо менен алектенүүсүн белгиледи. Агенттиктин башчысы Кыргызстан  “Coca-Cola” жана “ KFC” дүйнөлүк франшизалар  берилген өлкөлөрдүн бири, бул Кыргызстандын экономикалык дараметинин  бар экендигин тастыктарын белгиледи. Кыргызстан динамикалуу өнүгүп жатат, ошондуктан чет өлкөлүк капитал жана бизнес үчүн келечектүү жана жагымдуу өлкө болуп саналат. “Биз кыргыз ишкерлерине белгилүү компаниялардын франшизасын тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө кызыкдарбыз,  ал  дени сак атаандаштыкты өнүктүрүүгө, жаңы […]

Ата-мекендик ишкерлер менен жолугушууга чакырабыз

Опубликовано: 21.10.2022 в 15:15

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы №3 «Менчикти коргоо жана ишкерлерди менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, бизнес менен мындан аркы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо, туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүү максатында 2022-жылдын 24-октябрында саат 11:00дө Шератон мейманканасында, ата мекендик ишкерлер менен жолугушуу өткөрөт.Иш-чарага катышуу үчүн төмөнкү форманы толтуруңуздар:https://docs.google.com/forms/d/1TD-yVi-hmE9uMtT4xZNBi7S0_wmslU98eCPzRpqxYMI/edit?pli=Кошумча суроолор боюнча 0312 300-284, 0708 118-844, 0555 11-33-02 номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Инвесторлордун укуктарын коргоо бул мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири

Опубликовано: 19.10.2022 в 09:31

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын аракеттерине жана аракетсиздигине карата инвесторлордун даттанууларын кароо механизми киргизилүүдө.          Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021 жана 2022-жылдары биринчи кезекте кабыл алынган жагымдуу инвестиция климатын чыңдоого, чет өлкөлүк инвесторлордун жеке капиталын коргоого, инвестиция чөйрөсүндө башкаруу системасын өркүндөтүүгө багытталган бир катар Жарлыктары, Кыргыз Республикасы чоң капитал жана ири инвесторлор үчүн ачык экендигин күбөлөндүрөт. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жагымдуу инвестиция чөйрөсүн түзүүгө багытталган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кепилдик берүүсү каралган “Инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынды, ага ылайык МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жол-жоболору кыйла жөнөкөйлөштүрүлдү жана жеке өнөктөштөр үчүн кепилдиктер киргизилди. Бул чаралар биздин өлкөнүн мындан ары да тышкы жана ички инвесторлорго бизнес жүргүзүү боюнча шарттарды жакшыртууну улантууга болгон бекем ниетин көрсөтүп турат.           Ушул аракеттерге байланыштуу, Кыргыз […]

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Finentrep Aspir компаниясынын негиздөөчүсү Ноэль Касабианки мырза менен жолугушуу өткөрдү

Опубликовано: 17.10.2022 в 18:24

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу инвестиция долбоорлору боюнча долбоор-смета документтерин иштеп чыгууга байланышкан маселелер талкууланды. Француз өнөктөштөрү учурда компания Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында инвестиция долбоорлорун ишке ашырып жаткандыгын белгилешти. Ошентип сүйлөшүү жүрүмүнүнүн  аяктоо баскычында жергиликтүү жол кыртыштарынын бекемдигин жана алардын суукка-сууга туруктуулугун жогорулатуу боюнча жол-транспорт курулушу чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоор турат. Ошентип жергиликтүү жол кыртыштарынын бекемдигин жана алардын суукка-сууга туруктуулугун жогорулатуу боюнча жол-транспорт курулушу чөйрөсүндөгү инвестиция долбоору боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо  баскычында турат. Ушул долбоор сапаттуу жол куруунун негизине жана узак кызмат өтөө мөөнөтү менен жабдууга багытталган. Кыргыз Республикасы өзүнүн артыкчылыктуу географиялык жайгашуусу менен Европа бизнес-коомчулугу  үчүн маанилүү өнөктөш болуп  саналарын Н.Касабианки белгилеп өттү. “Кыргыз Республикасында ар тараптуу чет элдик инвесторлор өз ишин жүргүзүп жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет жана биз дайыма жаңы ишкерлерди колдоого даярбыз. Биз өлкө ичинде ак ниет чет өлкөлүк инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун толугу менен колдойбуз […]

Berlin Economics компаниясы Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдүн экономика жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатат

Опубликовано: 12.10.2022 в 17:11

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нуржан Бардинова  Berlin Economics компаниясынын директору Др. Рикардо Джуччи менен жолугушту.             Рикардо Джуччи компания ГФР Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөөл экономикасы бар өлкөлөргө экономикалык изилдөө жүргүзүп жаткандыгын белгиледи. Азыркы учурда компания жети өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына жана инвестиция жагымдуулугуна талдоо жүргүзүп жатат. “ушул талдоо сунуштары менен ГФР Өкмөтүнө жана Германиянын бизнес коомчулугуна сунушталат”, –деди Рикардо Джуччи. Өз кезегинде Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н. Бардинова Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестиция климатын бекемдөөгө, чет өлкөлүк инвесторлордун капиталын коргоо механизмине, инвестиция чөйрөсүндө башкаруу системасын  өркүндөтүүгө багытталган бир катар Президенттин Жарлыктары кабыл алынгандыгын белгиледи. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жагымдуу инвестиция чөйрөнү түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  мамлекеттик кепилдиктери каралган “Инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдады. “Мунун баары биздин өлкөнүн инвесторлор үчүн шарттарды мындан […]

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, “Россия экспорттук борбору” ААК жана “Кыргыз Почтасы” ААК кызматташуу жөнүндө 3 тараптуу Меморандумга кол коюшту

Опубликовано: 10.10.2022 в 09:34

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Ош шаарында 7-8-октябрда Россия-Кыргыз инвестиция форуму болду,  анын уюштуруучусу Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду болуп саналат. Форум региондор аралык кызматташтыкты натыйжалуу ишке ашыруу жана Россия менен Кыргыз стандын ишкер коомчулугунун эки тараптуу байланыштарын чыңдоо үчүн  жана аларга шарттарды түзүүгө багытталган. Программанын алкагында катышуучулар Кыргызстандын, Россия Федерациясынын региондорунун инвестиция потенциалы, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген бизнес-өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги менен таанышты. Форумдун тематикасы трансчегаралык транспорт-логистика коридорлорун жана агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү, өнөр жай кооперация чынжырларын каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кеңири укуктарды жана кепилдиктерди, анын ичинде инвестицияларды, мүлктү Кыргызстандан кайтарып берүү кепилдиктерин, инвестицияларды ээликтен ажыратууга каршы коргоо кепилдиктерин, акча операцияларынын эркиндигин жана башка укуктарды камсыз кылат,- деп белгиледи. Мындан тышкары ведомствонун башчысы […]