Инвесторлордун укуктарын коргоо бул мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири

Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын аракеттерине жана аракетсиздигине карата инвесторлордун даттанууларын кароо механизми киргизилүүдө.

         Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021 жана 2022-жылдары биринчи кезекте кабыл алынган жагымдуу инвестиция климатын чыңдоого, чет өлкөлүк инвесторлордун жеке капиталын коргоого, инвестиция чөйрөсүндө башкаруу системасын өркүндөтүүгө багытталган бир катар Жарлыктары, Кыргыз Республикасы чоң капитал жана ири инвесторлор үчүн ачык экендигин күбөлөндүрөт. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жагымдуу инвестиция чөйрөсүн түзүүгө багытталган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кепилдик берүүсү каралган “Инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди.

“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынды, ага ылайык МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жол-жоболору кыйла жөнөкөйлөштүрүлдү жана жеке өнөктөштөр үчүн кепилдиктер киргизилди.

Бул чаралар биздин өлкөнүн мындан ары да тышкы жана ички инвесторлорго бизнес жүргүзүү боюнча шарттарды жакшыртууну улантууга болгон бекем ниетин көрсөтүп турат.

          Ушул аракеттерге байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча негизги мамлекеттик орган болуп аныкталган жана мамлекеттик органдардын аракеттерине жана аракетсиздигине карата инвесторлордун даттанууларын кароонун  механизмин киргизип жатат.

Ушул тартипке ылайык ар бир инвестор өз укуктарын коргоо үчүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке кайрыла алат, ал жерде анын даттануусу инвесторлордун даттанууларынын реестрине киргизилет, кылдаттык менен каралат жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык органдары менен маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүлөт.

Инвесторлордун даттануу субъекттери менен болгон потенциалдуу же буга чейин пайда болгон пикир келишпестиктерин аныктоо максатында, мындай кырдаалдарды чечүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү үчүн улуттук агенттик инвесторлорду туруктуу негизде коштоп жүрөт.

Биз ак ниет чет өлкөлүк инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун өлкө ичинде толугу менен колдойбуз жана аларды андан ары ишке ашырууга максималдуу жардам көрсөтүүгө даярбыз.

Даттануулар жазуу түрүндө mail@invest.gov.kg электрондук дарегине  кабыл алынат,  маалымат алуу тел: 0312 30 02 31