Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Finentrep Aspir компаниясынын негиздөөчүсү Ноэль Касабианки мырза менен жолугушуу өткөрдү

Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу инвестиция долбоорлору боюнча долбоор-смета документтерин иштеп чыгууга байланышкан маселелер талкууланды. Француз өнөктөштөрү учурда компания Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында инвестиция долбоорлорун ишке ашырып жаткандыгын белгилешти.

Ошентип сүйлөшүү жүрүмүнүнүн  аяктоо баскычында жергиликтүү жол кыртыштарынын бекемдигин жана алардын суукка-сууга туруктуулугун жогорулатуу боюнча жол-транспорт курулушу чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоор турат.

Ошентип жергиликтүү жол кыртыштарынын бекемдигин жана алардын суукка-сууга туруктуулугун жогорулатуу боюнча жол-транспорт курулушу чөйрөсүндөгү инвестиция долбоору боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо  баскычында турат. Ушул долбоор сапаттуу жол куруунун негизине жана узак кызмат өтөө мөөнөтү менен жабдууга багытталган.

Кыргыз Республикасы өзүнүн артыкчылыктуу географиялык жайгашуусу менен Европа бизнес-коомчулугу  үчүн маанилүү өнөктөш болуп  саналарын Н.Касабианки белгилеп өттү.

“Кыргыз Республикасында ар тараптуу чет элдик инвесторлор өз ишин жүргүзүп жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет жана биз дайыма жаңы ишкерлерди колдоого даярбыз. Биз өлкө ичинде ак ниет чет өлкөлүк инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун толугу менен колдойбуз жана аларды андан ары ишке ашырууга максималдуу жардам көрсөтөбүз. Мындан тышкары Улуттук агенттик даяр жана келечектүү бизнес долбоорлоруна ири капитал тарткан  ишкерлер үчүн  бизнес борбор жана натыйжалуу аянтча  болуп саналат”, – деп белгиледи У.Темиралиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Маалымдама: Француз “Finentrep Aspir компаниясы” инвестиция долбоорлорун талдоо, инвестицияны  жана тармактык өнөр жай ишканаларын, В2В өнөктөштөрүн тартуу, ошондой эле тиешелүү капиталды тартуу үчүн долбоорлорду инвестициялоо же биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча келишимдерди түзүүгө жардам берүү менен алектенет. Азыркы учурда компания Бишкек шаарында инвестиция долбоорлорун  түзүмдөштүрүү жана башкаруу боюнча иштерди активдештирүү максатында өкүлчүлүк ачты.

.