Berlin Economics компаниясы Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдүн экономика жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатат

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нуржан Бардинова  Berlin Economics компаниясынын директору Др. Рикардо Джуччи менен жолугушту.

            Рикардо Джуччи компания ГФР Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөөл экономикасы бар өлкөлөргө экономикалык изилдөө жүргүзүп жаткандыгын белгиледи. Азыркы учурда компания жети өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына жана инвестиция жагымдуулугуна талдоо жүргүзүп жатат. “ушул талдоо сунуштары менен ГФР Өкмөтүнө жана Германиянын бизнес коомчулугуна сунушталат”, –деди Рикардо Джуччи.

Өз кезегинде Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н. Бардинова Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестиция климатын бекемдөөгө, чет өлкөлүк инвесторлордун капиталын коргоо механизмине, инвестиция чөйрөсүндө башкаруу системасын  өркүндөтүүгө багытталган бир катар Президенттин Жарлыктары кабыл алынгандыгын белгиледи.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жагымдуу инвестиция чөйрөнү түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  мамлекеттик кепилдиктери каралган “Инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдады.

“Мунун баары биздин өлкөнүн инвесторлор үчүн шарттарды мындан ары да жакшыртууну улантууга болгон бекем ниети жөнүндө айтып турат. Биз чет өлкөлүк инвесторлордун долбоорлорун толугу менен колдойбуз жана аларды андан ары ишке ашырууга максималдуу жардам берүүгө даярбыз”, – деди Н. Бардинова.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестиция үчүн артыкчылыктуу тармактарды: энергетика тармагын, туристтик потенциалды, агроөнөржай секторун ж. б. талкуулашты.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстандын жаңы инвестиция багыттарын талдоо, ошондой эле тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен иштери жөнүндө макулдашты.