Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, “Россия экспорттук борбору” ААК жана “Кыргыз Почтасы” ААК кызматташуу жөнүндө 3 тараптуу Меморандумга кол коюшту

Ош шаарында 7-8-октябрда Россия-Кыргыз инвестиция форуму болду,  анын уюштуруучусу Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду болуп саналат.

Форум региондор аралык кызматташтыкты натыйжалуу ишке ашыруу жана Россия менен Кыргыз стандын ишкер коомчулугунун эки тараптуу байланыштарын чыңдоо үчүн  жана аларга шарттарды түзүүгө багытталган.

Программанын алкагында катышуучулар Кыргызстандын, Россия Федерациясынын региондорунун инвестиция потенциалы, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген бизнес-өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги менен таанышты.

Форумдун тематикасы трансчегаралык транспорт-логистика коридорлорун жана агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү, өнөр жай кооперация чынжырларын каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кеңири укуктарды жана кепилдиктерди, анын ичинде инвестицияларды, мүлктү Кыргызстандан кайтарып берүү кепилдиктерин, инвестицияларды ээликтен ажыратууга каршы коргоо кепилдиктерин, акча операцияларынын эркиндигин жана башка укуктарды камсыз кылат,- деп белгиледи.

Мындан тышкары ведомствонун башчысы Агенттиктин иши төмөнкүлөргө багытталганын белгиледи:

– инвестиция мыйзамдарын, анын ичинде инвестиция  кодексин андан ары өркүндөтүү, венчур дук жана тике инвестициялоо жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу;

– корпоративдик башкаруунун мыкты принциптеринин негизинде башкарыла турган эл аралык финансы институттары  жана башка институционалдык инвесторлордон каржылоону топтоо боюнча жаңы платформаларды түзүү.

“Кыргыз Республикасына инвестиция салууга жана ата мекендик продукцияны экспорттоого кызыкдар болгон бардык тараптарды долбоорлорду ишке ашырууда жана ири ишканалар, ошондой эле чакан жана орто бизнестин ийгиликтүү ишкерлери менен байланыш түзүүдө консультация жана колдоо үчүн биздин агенттикке кайрылууга чакырам”, – деп белгиледи өз сөзүндө Умбриэль Темиралиев.

Форумдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик  “Россия экспорттук борбору” ААКы  жана “Кыргыз Почтасы” ААКы ортосунда кызматташуу жөнүндө 3 тараптуу Меморандумга кол коюлду.

Ушул Меморандумдун алкагында тараптар “менин экспортум”платформасын киргизүү жана ишке ашыруу боюнча тажрыйбаны кабыл алууга ниеттенишүүдө;

* чет өлкөлүк рынокторго чыгууда ишкер субъекттерин колдоо боюнча тажрыйбаларды     киргизүү;

* электрондук сооданы өнүктүрүү;

* электрондук коммерция боюнча РЭК экспорттоо мектебинин алкагында тренерлер үчүн тренингдерди өткөрүү;

* экспортту илгерилетүү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу.