IFC Эл аралык каржы корпорациясынын өкүлдөрү инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору менен жолугушту

Бүгүн  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Пакистан жана Афганистан боюнча консультативдик программалар боюнча улук менеджер Делия Халифа айым жетектеген эл аралык IFC финансы корпорациясынын делегациясын кабыл алды.

IFC  өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жеке секторуна багытталган глобалдык өнүгүүнүн эң ири уюму.

IFC-  Дүйнөлүк Банктын  тобуна кирет, ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жеке сектордун өсүшүнө түрткү берүү менен экономикалык өнүгүүгө жана адамдардын жашоосун жакшыртууга көмөктөшөт.

IFCинин иши Дүйнөлүк Банк тобунун бири – бирине байланыштуу эки максатына :  жакырчылыкты жоюуга жана жалпы жыргалчылыкты камсыз кылууга жетүүгө көмөктөшөт.

Жолугушууда алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен инвестиция жөнүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, ошондой эле инвесторлордун даттанууларын кароо боюнча механизмди натыйжалуу ишке киргизүү боюнча Улуттук агенттик менен IFC ортосунда кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев IFCинин келгендиги жана инвестицияны  коргоо жана илгерилетүү боюнча Улуттук агенттикке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле делегатцияны  бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдады.

 Умбриэль Темиралиев Улуттук агенттиктин жаңы инвестиция  кодексин  иштеп чыгуу пландары менен бөлүштү, анда инвестицияны тартуу, илгерилетүү жана коргоо боюнча тыкыр ченемдер камтылып, институционалдык инвесторлорду тартуу үчүн укуктук негиз түзүлөт.

 Халифа айым жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, У.Темиралиевди Улуттук агенттиктин директору кызматына дайындалышы менен куттуктады жана Кыргызстандын келечеги үчүн коюлган максаттарга жетүүдө ийгиликтерди каалады.

Делегациянын башчысы IFC менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Улуттук агенттиктин ортосундагы жакшы  мамилелердин өсүүсүн белгилеп, ошондой эле жаңы инвестиция кодексин  иштеп чыгуу боюнча директордун пландарын колдоп, мындан ары да Улуттук агенттикке бул багытта жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.