Түркиянын “Proje Limited” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында Түркиянын “Proje Limited” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Түрк ишкерлерине мамлекет тарабынан берилген преференцияларды, жеңилдиктерди жана кепилдиктерди эске алуу менен энергетика тармагында маалымат берилип, актуалдуу жана өз ара пайдалуу, анын ичинде МЖӨ механизминин алкагындагы долбоорлор сунушталды. Шилтеме: “PROJE LIMITED COMPANY” 1975-жылы негизделген Түркиянын алдыңкы дизайн жана консалтинг фирмаларынын бири. Бүгүнкү күндө компаниянын курамында 47 архитекторлор, шаар куруучулар жана ландшафт архитекторлору башкы кеңседе жана ар кандай инженердик биргелешкен ишканаларда, ошондой эле Европадан, Япониядан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн көптөгөн эл аралык өнөктөштөр бар.