Инвестициялык долбоорлордун Реестри ийгиликтүү ишке ашырылууда

2022-жылдын 11-ноябрында Улуттук инвестициялык агенттик керамограниттик плиткаларын чыгаруунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсын инвестициялык долбоорлордун Реестрине киргизүү жөнүндө келишимге кол койгон.

 Бул инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы керамикалык плиткаларды өндүрүү жана өндүрүүнү камтыган.

Өз кезегинде экинчи өндүрүштүк линиянын ишке кириши менен жогорку сапаттагы керамограниттик плиткаларын чыгаруу каралган.

Экинчи линиянын ишке киргизилишине байланыштуу «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсынын штаттык саны 2022-жылы 400 кызматкерге чейин көбөйөт.

Белгилей кетсек, «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсынын фабрикасынын курулушуна жеке инвесторлор тарабынан 50 миллион доллар инвестиция тартылган. Бүгүнкү күндө «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсы Кыргыз Республикасында керамикалык плиткаларды чыгаруу менен алектенген жалгыз завод болуп саналат. Кошумчалай кетсек, ишкана Кыргыз Республикасында абройлуу салык төлөөчү болуп саналат жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн бюджетине 85 миллион сомдон ашык, ал эми 2021-жылы 96 миллион сомдон ашык каражат которгон.

«Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсынын продукциялары Россия Федерациясына, Казакстан Республикасына экспорттолот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички рыногунда сатылат.

Маалымат үчүн: Инвестициялык долбоорлордун Реестри Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 “Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы-тарифтик жөнгө салуу жөнүндө” чечиминин 7.1.11 пунктчасы менен белгиленген тарифтик жеңилдиктерди берүүнү болжолдойт.