Умбриэль Темиралиев “Albayrak Group” компаниясынын технологиялар боюнча директору Эрдал Налбан менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев “Albayrak Group” компаниясынын технологиялар боюнча директору Эрдал Налбан мырза менен жолугушту.

“Albayrak Group”  — Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан түрк көп улуттуу конгломераты. Эң байыркы курулуш компанияларынын бири. 1982-жылдан баштап текстиль, энергетика, каржы, логистикалык жана медиа бизнес чөйрөсүндө активдерге ээ болгон холдинг. Компанияда  ар кайсы өлкөлөрдөгү туунду  ишканаларды кошкондо 15000ден ашуун адам иштейт.

Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасына инвестиция салуу маселелерин талкуулоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө агенттиктин башчысы түрк компаниясынын өкүлдөрүнө “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр,  мыйзамдын артыкчылыктары, ошондой эле өлкөнүн айрым аймактарында атайын инвестициялык режимди түзүү, МЖӨ багыты  боюнча долбоорлорду, санариптештирүү жана коопсуз шаар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу  тууралуу маалымдады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар иштебей турган ишканаларды жана алардын ишин кайра баштоо механизмдерин талкуулашты.

Эрдан Налбант компаниянын дүйнө жүзү боюнча 9 мамлекетте ишке ашырып жаткан долбоорлору жөнүндө айтып берди. Ошондой эле “Albayrak Group” компаниясынын башчысы Улуттук агенттиктин жетекчилигине берилген маалымат, колдоо жана кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Albayrak Group” өз ишин өлкөдөгү таштандыларды иштеп чыгуу боюнча биринчи жеке компания катары баштаган. Бүгүнкү күндө компания GPRS  системасы менен жабдылган 1500 транспорт каражаттарынан турган паркы  Стамбулдун   катуу комуналдык калдыктарын ташып чыгуу боюнча үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылат. Компания ошондой эле калдыктарды сорттоо, кайра иштетүү жана таштандыларды керекке жаратуу жаатында өнүгүүдө жана бул багытта Кыргызстан менен кызматташууга даяр.

Тараптар деталдуу изилдөөдөн кийин ишке ашыра турган биргелешкен долбоорлордун үстүндө кызматташуу жөнүндө макулдашты.