Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин КЭР Элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юе менен жолугушуусу болду

2022-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин КЭР Элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча бөлүмүнүн кеңешчиси Ли Юе менен жолугушуусу болду.

Талкуунун негизги темасы эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин динамикасын активдештирүү маселеси болду.

У.Темиралиев агенттиктин максаты соода мамилелеринин өлчөмүн ырааттуу жогорулатуу, өз ара пайдаланууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты тең салмактуу өнүктүрүүгө дем берүү, ошондой эле кыргыз продукциясын Кытай Элдик Республикасынын рыногуна экспорттоону көбөйтүү экендигин белгиледи. “Экспорт, импорт, ишкердик, инвестициялар – булардын бардыгы  бири-бирине  байланышкан  нерселер, алар кыргыз – кытай мамилелерин өнүктүрүүнүн башкы катализатору болуп саналат”, – деп белгиледи У.Темиралиев.

Өз кезегинде Ли Юе кытай базарлары кыргыз продукциясы, атап айтканда бал, сүт жана алкоголь азыктары менен тааныш экендигин белгиледи. Кеңешчи Кыргыз продукциясы суроо-талапка ээ экендигин жана кытай компаниялары өз ара кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык жагымдуулук, ошондой эле мамлекеттин инвесторлорго берчү жеңилдиктер жана өзгөчө жеңилдиктер маселелери талкууланды.

Директор инвесторлор өз укуктарын коргоо үчүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке кайрыла аларын, ал жерде алардын даттануулары инвесторлордун даттануу реестрине киргизилерин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдары менен маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн белгилеп өттү.

Тараптар ишкерлер Кыргызстандын продукциясы менен таанышууга, биргелешкен ишканаларды түзүү маселелерин талкуулоого, өз ара пайдалуу чечимдерин табууга  аянтчаларды түзүү зарылчыгы жөнүндө  бир пикирге келишти.

“Биз ак ниет чет элдик инвесторлордун бардык демилгелерин жана долбоорлорун толугу менен колдойбуз жана аларды андан ары ишке ашырууга максималдуу жардам көрсөтүүгө даярбыз”, – деп жыйынтыктады У.Темиралиев.