Бизнес-коомчулук менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө гана өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча иште түп-тамырынан бери өзгөрүүлөр болушу мүмкүн

2022-жылдын -24октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиевдин бизнес-коомчулуктун 100дөн ашык өкүлү менен жолугушуусу болуп өттү.

Ушул жолугушуунун максаты бизнес-коомчулук менен инвестициялык чөйрөдөгү учурдагы абалга байланыштуу маселелердин кеңири түрү боюнча ачык диалог жүргүзүү, жакынкы мезгилге инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин иш-аракеттеринин пландары жөнүндө маалымдоо, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бизнести колдоо боюнча мүмкүн болгон чаралар, Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы салыктык жана бажылык жеңилдиктери бар инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун илгерилетүү үчүн инвестицияларды, чет өлкөлүк рынокторду жана каналдарды тартуу процессине даярдоо этабы, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун коргоо жана коштоо боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып  Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т.Темиралиев ведомствонун өзгөчө контролдо турган биргелешкен чаралардын планына ылайык бизнес-коомчулук менен тыгыз кызматташууну  жактагандыгын, ошондой эле “сааттарды салыштыруу”максатында инвестициялык чөйрөнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн ушундай жолугушуулардын зарылдыгын белгиледи.

“Жаңы  айкындык -бул инвестициялык жана соода чөйрөлөрү үчүн, бардык ишкердик субъекттери үчүн, өзгөчө тышкы экономикалык иш менен алектенгендер үчүн чакырык. Учурдагы кыйынчылыктарга карабастан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу үчүн биргелешкен аракеттерди жасоо керек.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик диалогго ачык жана инвестициялык механизмдерди иштеп чыгууга жана ата мекендик ишкерлердин долбоорлорун чет өлкөлүк рыноктордо андан ары масштабдоо үчүн коштоого басым жасоо менен өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну камсыз кылуу үчүн бардык күч – аракеттерин жумшоодо”, – деп белгиледи Темиралиев.