Бишкекте ата мекендик ишкерлердин америкалык компаниялар менен бизнес жолугушуусу өтөт

2022-жылдын 21-октябрында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиевдин Америка-Кыргызстан ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Елена Сон  менен жолугушуусу болуп өттү.

Америка-Кыргызстан ишкерлер кеңеши General Electric жана AGCO, Baker & McKenzie LLP сыяктуу ири компаниялар тарабынан негизделген. Компаниялар Кыргыз Республикасынын АКШ менен соода-экономикалык өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү жана өлкөгө американын инвестицияларын тартуу үчүн Америка-Кыргызстан ишкерлер кеңешин түздү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Америкалык-Кыргыз ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Елена Сон америкалык компаниялар Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго кызыкдар экендигин  жана азыркы учурда Кыргызстандын атаандаштык чөйрөсүн жана товардык рыногун талдоо менен алектенүүсүн белгиледи.

Агенттиктин башчысы Кыргызстан  “Coca-Cola” жана “ KFC” дүйнөлүк франшизалар  берилген өлкөлөрдүн бири, бул Кыргызстандын экономикалык дараметинин  бар экендигин тастыктарын белгиледи. Кыргызстан динамикалуу өнүгүп жатат, ошондуктан чет өлкөлүк капитал жана бизнес үчүн келечектүү жана жагымдуу өлкө болуп саналат. “Биз кыргыз ишкерлерине белгилүү компаниялардын франшизасын тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө кызыкдарбыз,  ал  дени сак атаандаштыкты өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө  жардам берет.  Бул өлкөнүн экономикасына жана социалдык деңгээлине оң таасирин тийгизет”, – деп белгиледи У.Темиралиев.

Тараптар ата мекендик ишкерлердин  ири америкалык компаниялар менен кызматташуусун жөнгө салуу үчүн ар кандай маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашышты.

 25-октябрда Америка-Кыргызстан ишкерлер кеңешининмүчөлөрүнүн иш сапарынын алкагында Бишкек шаарынын “Хаятт Ридженси” мейманканасында америкалык компаниялар менен ата мекендик ишкерлердин бизнес жолугушуусу болот.