Санариптик экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөө: Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 2023-жылдын 25-октябрында, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана КЭР Коммерция министрлигинин ортосунда санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Макулдашууга кол коюу аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цяндын кеңейтилген сүйлөшүүлөрүнөн кийин болду.

Санариптик экономика глобалдык экономиканын өсүшү үчүн барган сайын маанилүү кыймылдаткыч күчкө айланып баратканын белгилей кетүү керек. Кыргызстан менен Кытай бул чөйрөдө инвестициялык кызматташуу үчүн чоң потенциалга ээ.

Меморандумдун алкагында тараптар санариптик экономиканын инфраструктурасын курууда кызматташтыкты бекемдөөгө, салттуу инфраструктураны санариптештирүүгө жана тармакка кошууга, интеллектуалдык модернизациялоого ишканалардын активдүү катышуусуна көмөктөшүүгө ниеттенүүдө.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Delong Steel Group Co., LTD» ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бул жыл сайын 15 миллион тоннадан ашык болоттун экспорту болгон металлургиялык ишканалардын ири тобу болуп саналат, ал эми негизги продукциясы — көмүртектүү болот, цинктелген жана түстүү чийүү буюмдары.