Абу-Дабидеги дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-жыйыны: Кыргызстан өзүнүн инвестициялык потенциалын сунуштап, ЮНКТАДДЫН Башкы катчысы менен өнүгүү келечегин талкуулады

Абу-Даби шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) БУУнун соода жана өнүктүрүү конференциясынын (ЮНКТАД) дүйнөлүк инвестициялык форумунун 8-отуруму болуп өттү.

Иш-чарага 160 өлкөдөн 6 миңден ашык инвестор, анын ичинде мамлекет жана өкмөт башчылары, министрлер, дүйнөгө белгилүү компаниялардын жана фондулук биржалардын жетекчилери, суверендүү фонддордун жетекчилери жана инвестициялык коомчулуктун башка өкүлдөрү катышты.

Форумга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрү катышты. УИА Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы жана климаты тууралуу презентация жасады. Иш-чаранын катышуучуларына жаңыланып туруучу булактар жана жарандык авиация чөйрөсүндөгү долбоорлор сунушталды.

Мындан тышкары, Улуттук агенттиктин жана МЖӨ борборунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасын инвестициялоону баштоого даяр болгон эл аралык инвестициялык фонддор жана компаниялар менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү.

УИА менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга эки компаниянын келиши күтүлүүдө – авиакомпанияларга инвестиция салууга кызыкдар East Palace Group жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн Sky power global.