2023-жылдын 24-25 майында Москва шаарында Экинчи Евразия экономикалык форуму болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев үстүбүздөгү жылдын 24-25-майында Москва шаарында (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алкагында өткөн “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Экинчи Евразия экономикалык форумунун ишине катышты.

Форумду өткөрүү Евразия мейкиндигинде кооперациялык байланыштарды өркүндөтүүгө багытталган. Ишкер программанын негизги темалары бизнестин ЕАЭБдеги интеграциялык процесстердин эң актуалдуу жана талап кылынган маселелери болду. Форумдун ишине ЕАЭБге мүчө мамлекеттер, байкоочу өлкөлөр, ошондой эле катышууга чакырылган мамлекеттер тарабынан ири ишкер чөйрөлөрдүн 2000ден ашуун өкүлдөрү катышты.

Форумда Жалын Жээналиев “ЕАЭБ – Латын Америкасы” тегерек үстөлү жана “ЕАЭБ-Индонезия”бизнес – диалогу аттуу панелдик сессияларда Кыргыз Республикасынан баяндамачы болду.

“ЕАЭБ – Латын Америкасы тегерек үстөлүндө сүйлөгөн сөзүндө Ж.Жээналиев инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи, бирок бул үчүн дал ушул соода-логистикалык маселелерди чечүү керектигине жана Латын Америкасы менен бизде экспорт жана импорт боюнча логистикалык каттамдар жоктугуна, ага карабастан кызматташуунун келечеги бар экендигине токтолду.

Ошону менен бирге “ЕАЭБ-Индонезия” бизнес – диалогунун жүрүшүндө УАИнын директорунун орун басары катышуучулар менен ЕАЭБ менен Индонезиянын кызматташтыгын тереңдетүү бөлүгүндөгү артыкчылыктуу милдеттер боюнча ой бөлүштү, аларга Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентациялады, ошондой эле дискуссиянын катышуучуларынын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Бул панелдик сессияларга катышуунун жыйынтыктары боюнча тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу үчүн негиздерди түзүү зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.