Кыргызстанда биринчи жолу чыгарылган СУКУК аль Мудараба – ислам баалуу кагаздары мамлекеттик каттоодон өттү

Кыргызстанда биринчи жолу чыгарылган СУКУК аль Мудараба – ислам баалуу кагаздары мамлекеттик каттоодон өттү.

Кыргызстанда биринчи жолу чыгарылган СУКУК аль Мудараба – ислам баалуу кагаздары мамлекеттик каттоодон өттү. “Интеркаскад исламдык атайын финансылык компаниясы” ЖЧКсы жалпы 750 млн.сомдук үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарын чыгарды. Анын жүгүртүү мөөнөтү 2030-жылдын 31-декабрына чейин.

Оригинатору Гонконгдо катталган “Интеркаскад Трейд энд Файненс Лимитед” компаниясы. Оригинатор өз бизнесин өнүктүрүү үчүн кошумча каражаттарды тартууну жана чогултулган каражаттарды пайдалануудан түшкөн пайданын үлүшүн инвесторлорго берүүнү пландаштырууда.

Оригинатор Түштүк-Чыгыш Азия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда техника соодасын жүргүзөт. Эмитент менен оригинатордун ортосунда Мудараба келишиминин принциптерине негизделген инвестициялык макулдашуу түзүлгөн.

Эскертүү:

“Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ислам баалуу кагаздары – каржылоонун ислам принциптеринин (Шариат стандарттарынын) негизинде чыгарылган, эмитенттин белгиленген менчигиндеги же бизнесиндеги бөлүнгүс үлүшкө менчик укугун күбөлөндүрүүчү баалуу кагаздар.

Кыргыз Республикасында эмитенттери СУКУК аль Мудараба – ислам баалуу кагаздарынын төмөнкү түрлөрү чыгарылышы мүмкүн: ислам ижара сертификаттары (Сукук аль Ижара), долбоордук каржылоонун ислам сертификаттары (Сукук аль Истисна), үлүштүк катышуунун ислам сертификаттары (Сукук аль Мудараба), инвестициялык агенттиктин ислам сертификаттары (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар), өнөктөштүктүн ислам сертификаттары (Сукук Аль Мушарака).