Биз квалификациябызды жогорулатабыз

Имальдин Радаслич мырза жетектеген IFC миссиясынын бизнести жөнгө салуу боюнча эксперттери Инвестицияла боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлери үчүн семинар өткөрдү.

Ушул семинар Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган IFC менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин биргелешкен иш-чараларынын алкагында өткөрүлүүдө. Эксперттер биздин адистер менен инвесторлордун даттанууларын кароо жана сотко чейинки маселелерди жөнгө салуу механизмдерин жана инструменттерин натыйжалуу ишке ашыруу боюнча эл аралык практикадагы билимдери жана мисалдары менен бөлүшүштү.

Биздин максат – инвесторлордун кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо.