Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлорду коргоо механизмин киргизүү боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин квалификациясын көтөрүүдө

Бүгүн инвесторлорду коргоо милдетинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Швейцария Өкмөтү каржылаган Кыргыз Республикасына инвестицияларды илгерилетүү жана көбөйтүү боюнча IFC (Дүйнөлүк банк тобу) долбоорунун колдоосунда “Инвесторлорду коргоо механизмдерин киргизүү жана аларды коштоо” – деген темада мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн окуу семинарын өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы  №32.токтому менен бекитилген  Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби иштелип чыкты жана бекитилди.

Ушул Тартип боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлорду коргоо жана мамлекеттик органдардын аракетине же аракетсиздигине инвесторлордун даттанууларын кароонун так механизмин киргизүү боюнча негизги мамлекеттик орган болуп аныкталган.

               Ушул тартипке ылайык каалаган инвестор өз укуктарын коргоо үчүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке кайрыла алат, ал жерде анын даттануусу Инвесторлордун арыздарынын реестрине киргизилет жана кылдат каралат жана Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык органдары менен инвестордун көйгөйлөрүн чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүлөт.

Мындай даттанууларды кароонун жүрүшүндө Улуттук агенттик инвесторлордун мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара иштешүүсүндө бир катар көйгөйлөрдү аныктады Буга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык органдарга инвесторлордон келип түшкөн даттанууларды жоюу жана алдын алуу максатында аталган иш-чара өткөрүлдү.

 Семинарга 25ке жакын мамлекеттик органдар катышты жана инвесторлор менен мамлекеттик сектордун өз ара аракеттенүүсүнүн эң курч маселелери талкууланды.