Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен AзПромо ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду, ошондой эле Кыргызстандын келечектүү долбоорлору презентацияланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун азербайжандык ири бизнес өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушуунун алкагында, мамлекет башчысынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Азербайжан Республикасынын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (AZPROMO) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. 

Белгилей кетсек ушул меморандумдун максаты гидроэнергетика, органикалык продукциянын өндүрүшү жана туризмди өнүктүрүү чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Буга кошумча Кыргыз Республикасынын Презедентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Т.Т.Таалайбекова азербайжан тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен 20 келечектүү инвестициялык долбоорду презентациялады.

Презентациядан кийин жолугушуу B2G түрүндө өттү, анда азербайжандык компаниялардын гидроэнергетика, жеңил өнөр жай, органикалык өндүрүш жана IT долбоорлоруна болгон жандуу кызыгуусун белгилей кетүү керек.