Посты с тэгом: Кыргыз Республикасы

Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи отурумуна даярдык

Германия Федеративдүү Республикасы мененэкономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн куралыкатары кыргыз-герман ишкер кеңешин түзүү 2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттукагенттиктин директору Равшан Сабиров Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү мененжолугушуу өткөрдү. Тармактык мамлекеттик органдардан, финансы институттарынан жана бизнес-коомчулуктан 39 өкүлдөн турган ушул курам Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 131-т тескемеси менен бекитилген. Ишкерлер кеңешинин кыргыз бөлүгү кыргыз-германишкерлер кеңешинин биринчи отурумуна сунуштар пакетиндаярдоо боюнча пикир алмашты. Жолугушууда Улуттук агенттиктин директору РавшанСабиров Кыргыз-Герман Ишкер Кеңешинин түзүлүшүГермания Федеративдүү Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктыарттыруунун натыйжалуу кадамы болуп саналарын жанакийинчерээк ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундаүзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү үчүн негизги аянтча болупкаларын баса белгиледи.  Андан ары Улуттук агенттиктин башчысы германиялыктарап менен кызматташуунун келечектүү чөйрөлөрүнбелгилеп кетти, атап айтканда: жашыл экономика, агроөнөржай комплекси, экспорттук жеткирүүлөрдү өнүктүрүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, машина куруу, билим берүү, каржы-техникалык жана банктыккызматташуу, өнөр жай жана курулуш. Соңунда Равшан Сабиров бизнес-коомчулукту КыргызРеспубликасынын тармактык мамлекеттик органдарынынколдоосу менен Германия Федеративдүү Республикасы мененөз ара аракеттенүү боюнча жигердүү жана натыйжалууиштөөгө чакырды. Жолугушуунун жыйынтыгында Ишкерлер кеңешининмүчөлөрү ачык диалог форматында жолугушуулардыүзгүлтүксүз өткөрүүгө макулдашышты. Кийинки жолугушуу2022-жылдын 27-апрелинде өтөт.

Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы келечеги.

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милан Коллар мырза менен жолугушуу болуп өттү. 2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милан Коллар мырза менен жолугушту. Тараптар товарларды жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Экономиканын ар түрдүү тармактарындагы мүмкүн болгон байланышы жөнүндө кеп  козголду. Атап айтканда Кыргыз Республикасынын аймагында словакиялык технологияларды жана өндүрүштү: электроника, айнек өндүрүшү, автомобиль тетиктери ж.б локалдаштырууга өз ара кызыкчылыгы айтылды.  Ошону менен бирге словакиялык тарап Словакия Республикасынын Эксимбанкынын  каржылоосу аркылуу алардын наркынын 30%га чейинки долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү: кош салык салууну жоюу, ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн  инвестицияларды коргоо боюнча  ниетин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ЕАЭБ, Борбордук […]

Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

2022-жылдын 29-мартында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  ИУАнын   директору  Р.А. Сабиров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын  биринчи орун басары А. О. Кожошев Дубайда өтүп жаткан  Өкмөттөрдүн дүйнөлүк 8-саммитине катышууда. Ушул  саммитте кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты, республиканын экологиялык айыл чарба продукциясын экспорттоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү, санариптештирүү, гидроэнергетикалык потенциалы тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия регионунун  транзиттик хабы   болуу үчүн    Кыргыз Республикасынын потенциалы жөнүндө  презентация жасады.            Маалымат үчүн: Өкмөттөрдүн дүйнөлүк 8-саммити 140 өлкөнүн лидерлерин (2000 катышуучу) өкмөттөрдүн келечегин калыптандырууга өбөлгөлөөчү тажрыйба, билим жана идеяларды алмашуу үчүн  каржы, экономикалык жана социалдык чөйрөдөгү маселелерди талкуулоо максатында чогултту. Ошондой эле  форумдун алкагында  коомдук жетекчилик жаатындагы акыркы тенденцияларын жана алдыңкы тажрыйбаларын чагылдырууга багытталган, глобалдык көйгөйлөрдү  божомолдоо  үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн түрдүү семинарлар, 110 сессия жана демилге өткөрүлүүдө. 2013-жылдагы биринчи саммиттен тартып 2019-жылга чейин 1000ден ашык сессиялар жана семинарлар өткөрүлдү. Жети саммитке […]

Кыргызстанда 22 араб өлкөсү жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда бизнес-форум уюштуруу пландалууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти Сабухи Аттар менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшан Сабиров “TURAP” Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын” президенти, Тунис Республикасынын Измир шаарындагы ардактуу консулу Сабухи Аттар башчылыгындагы түрк ишкерлерин кабыл алды. Жолугушууда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров С.Н. Жапаров президенттик кызматка келгенден кийин кыргыз-түрк алакаларынын жаңы деңгээлге чыкканын, ушундай шарттарда агентикке “улуттук” статусу берилгенин, бул болсо мындан ары түздөн-түз президенттин алдында жумуш алып барууга мүмкүнчүлүк берерин, ошондой эле инвесторлор үчүн керектүү болгон бардык жагымдуу шарттар түзүлөрүн белгиледи. Өз кезегинде “TURAP | Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти”, Тунис Республикасынын Измир шаарындагы ардактуу консулу Сабухи Аттар Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо максатында атайын жумушчу сапар менен келгенин айтып, алдыдагы убакытта 22 араб өлкөсү жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда Кыргызстанда бизнес-форум жана жарманке уюштурууну пландап жатышканын […]