Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы келечеги.

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милан Коллар мырза менен жолугушуу болуп өттү.

2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милан Коллар мырза менен жолугушту.

Тараптар товарларды жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Экономиканын ар түрдүү тармактарындагы мүмкүн болгон байланышы жөнүндө кеп  козголду.

Атап айтканда Кыргыз Республикасынын аймагында словакиялык технологияларды жана өндүрүштү: электроника, айнек өндүрүшү, автомобиль тетиктери ж.б локалдаштырууга өз ара кызыкчылыгы айтылды.  Ошону менен бирге словакиялык тарап Словакия Республикасынын Эксимбанкынын  каржылоосу аркылуу алардын наркынын 30%га чейинки долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү: кош салык салууну жоюу, ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн  инвестицияларды коргоо боюнча  ниетин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ЕАЭБ, Борбордук Азия жана Афганистандын рынокторуна андан ары кирүү үчүн натыйжалуу аянт түзүү максатында 2022-жылдын үчүнчү кварталында кыргыз-словакия бизнес- форумун уюштурууну макулдашты. Бул  форум Словакия Республикасынын тышкы иштер министри Иван Корчоктун иш сапарынын алкагында тараптар тарабынан уюштурулат.