Кыргызстанда 22 араб өлкөсү жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда бизнес-форум уюштуруу пландалууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти Сабухи Аттар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшан Сабиров “TURAP” Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын” президенти, Тунис Республикасынын Измир шаарындагы ардактуу консулу Сабухи Аттар башчылыгындагы түрк ишкерлерин кабыл алды.

Жолугушууда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров С.Н. Жапаров президенттик кызматка келгенден кийин кыргыз-түрк алакаларынын жаңы деңгээлге чыкканын, ушундай шарттарда агентикке “улуттук” статусу берилгенин, бул болсо мындан ары түздөн-түз президенттин алдында жумуш алып барууга мүмкүнчүлүк берерин, ошондой эле инвесторлор үчүн керектүү болгон бардык жагымдуу шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Өз кезегинде “TURAP | Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти”, Тунис Республикасынын Измир шаарындагы ардактуу консулу Сабухи Аттар Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо максатында атайын жумушчу сапар менен келгенин айтып, алдыдагы убакытта 22 араб өлкөсү жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда Кыргызстанда бизнес-форум жана жарманке уюштурууну пландап жатышканын билдирди. Ошондой эле Сабухи Аттар Равшан Сабировду 20-24-июнь аралыгында Стамбулда өтүүчү “TURABEXPO” эл аралык жарманкесине чакырды.   Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров “TURAP” Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти”, Тунис Республикасынын Измир шаарындагы ардактуу консулу Сабухи Аттарга ыраазычылыгын билдирип, аталган көргөзмөгө катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрөрүн билдирди.