Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи отурумуна даярдык

Германия Федеративдүү Республикасы мененэкономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн куралыкатары кыргыз-герман ишкер кеңешин түзүү

2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттукагенттиктин директору Равшан Сабиров Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү мененжолугушуу өткөрдү. Тармактык мамлекеттик органдардан, финансы институттарынан жана бизнес-коомчулуктан 39 өкүлдөн турган ушул курам Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 131-т тескемеси менен бекитилген.

Ишкерлер кеңешинин кыргыз бөлүгү кыргыз-германишкерлер кеңешинин биринчи отурумуна сунуштар пакетиндаярдоо боюнча пикир алмашты.

Жолугушууда Улуттук агенттиктин директору РавшанСабиров Кыргыз-Герман Ишкер Кеңешинин түзүлүшүГермания Федеративдүү Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктыарттыруунун натыйжалуу кадамы болуп саналарын жанакийинчерээк ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундаүзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү үчүн негизги аянтча болупкаларын баса белгиледи. 

Андан ары Улуттук агенттиктин башчысы германиялыктарап менен кызматташуунун келечектүү чөйрөлөрүнбелгилеп кетти, атап айтканда: жашыл экономика, агроөнөржай комплекси, экспорттук жеткирүүлөрдү өнүктүрүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, машина куруу, билим берүү, каржы-техникалык жана банктыккызматташуу, өнөр жай жана курулуш.

Соңунда Равшан Сабиров бизнес-коомчулукту КыргызРеспубликасынын тармактык мамлекеттик органдарынынколдоосу менен Германия Федеративдүү Республикасы мененөз ара аракеттенүү боюнча жигердүү жана натыйжалууиштөөгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ишкерлер кеңешининмүчөлөрү ачык диалог форматында жолугушуулардыүзгүлтүксүз өткөрүүгө макулдашышты. Кийинки жолугушуу2022-жылдын 27-апрелинде өтөт.