Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

2022-жылдын 29-мартында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  ИУАнын   директору  Р.А. Сабиров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын  биринчи орун басары А. О. Кожошев Дубайда өтүп жаткан  Өкмөттөрдүн дүйнөлүк 8-саммитине катышууда.

Ушул  саммитте кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты, республиканын экологиялык айыл чарба продукциясын экспорттоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү, санариптештирүү, гидроэнергетикалык потенциалы тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия регионунун  транзиттик хабы   болуу үчүн    Кыргыз Республикасынын потенциалы жөнүндө  презентация жасады.

           Маалымат үчүн: Өкмөттөрдүн дүйнөлүк 8-саммити 140 өлкөнүн лидерлерин (2000 катышуучу) өкмөттөрдүн келечегин калыптандырууга өбөлгөлөөчү тажрыйба, билим жана идеяларды алмашуу үчүн  каржы, экономикалык жана социалдык чөйрөдөгү маселелерди талкуулоо максатында чогултту.

Ошондой эле  форумдун алкагында  коомдук жетекчилик жаатындагы акыркы тенденцияларын жана алдыңкы тажрыйбаларын чагылдырууга багытталган, глобалдык көйгөйлөрдү  божомолдоо  үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн түрдүү семинарлар, 110 сессия жана демилге өткөрүлүүдө.

2013-жылдагы биринчи саммиттен тартып 2019-жылга чейин 1000ден ашык сессиялар жана семинарлар өткөрүлдү. Жети саммитке дүйнөнүн булуң-бурчунан 25 000 мүчө жана 1000ге жакын глобалдык баяндамачылар, биринчи кезекте президенттер, өкмөт башчылары, министрлер, аткаминерлер, жетекчилер,   эксперттер, окумуштуулар, мамлекеттик жана жеке секторлордун жетекчилери катышкан.

Өкмөттөрдүн дүйнөлүк 8-саммитинин биринчи күнүнүн  аягында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  ИУАнын   директору  Р.А. Сабиров  “Дубай ЭКСПО – 2020” көргөзмөсүнө барды.

“Дубай ЭКСПО – 2020” дүйнөлүк көргөзмөсү  2021-жылдын 1-октябрынан 2022-жылдын 31-мартына чейин Дубайда өтүп жатат  жана Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия регионунун  тарыхында биринчи жолу уюштурулуп жаткан болуп көрбөгөндөй өлчөмдөгү  иш-чара болуп саналат. Иш-чарага өз мамлекеттеринин архитектурасын, маданиятын жана инновацияларын тартуулаган 190дон ашык өлкө катышууда.

Ошону менен бирге Дубай шаарындагы Өкмөттөрдүн дүйнөлүк  саммиттинин  8-отурумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук  агенттиктин директору Р.А. Сабировдун  Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфратүзүм  министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи менен жолугушуусу өттү.

 2022-жылдын 28-мартындагы жолугушуунун жүрүшүндө КР Президентине караштуу  УИАнын директору Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана энергетикалык потенциалы тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун максаты энергетика,  Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдан 2030-жылга чейин   360дан 440 MW чейинки гидроэнергетикалык долбоорлорун инвестициялоону  ишке ашыруунун пландалган маселелерин талкуулоо болду.

Энергетика тармагындагы эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн контекстинде Р. Сабиров Кыргыз Республикасынын ири энергетикалык долбоорлорун тааныштырды жана «жашыл өнүгүү» платформасында 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү үчүн Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ролун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.