Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун расмий сапарынын алкагында Азербайжан Республикасынын ишкер-коомчулугу менен жолугушуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун расмий сапарынын алкагында Азербайжан Республикасынын ишкер-коомчулугу менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун ачылышынан кийин катышуучуларга Кыргызстандын инвестициялык климаты тууралуу видеоролиги көрсөтүлдү.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, ал өзгөчө экономиканын келечектүү тармактарына токтолуп, потенциалдуу инвесторлорду ата мекендик экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. 

Андан соң сөз Азербайжан Республикасынын Экономика министри Микаил Жаббаровго берилип, боордош Кыргызстан менен биргеликте иш алып барууга, гидроэнергетика чөйрөсүндөгү, органикалык продукциянын артыкчылыктарын жана туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берген Кыргызстандын кооз жаратылышын пайдалануу долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар экенин өзгөчө жылуу сезим менен баса белгиледи.

Жолугушуу “суроо-жооп” иретинде уланып, азербайжандык ишкерлердин суроолоруна Президент Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилери толук кандуу жооп беришти.

Белгилей кетсек жолугушууда мунай өндүрүү, курулуш, туризм, энергетика, телекоммуникация, жогорку технологиялар, айыл чарба, тоо-кен өндүрүшү, камсыздандыруу чөйрөсүндөгү СОФАЗ, SOCAR, AZERGOLD, AZVIRT, LU-MUN HOLDIN , NEQSOL HOLDING, AZERSUN HOLDING, PASHA HOLDING жана башка 20дан ашык ири компаниялардын жетекчилери катышты.