Посты автора admin

admin

admin

Региондун соода борбору

Опубликовано: 27.07.2019 в 07:59

Автор:

Категории: Эмне үчүн Кыргыз Республикасы

Кыргыз Республикасы – Борбордук Азиядагы маанилүү транзиттик өлкө, анткени эң негизги жүк ташуучу жолдор анын аймагында – түндүк-чыгышында (Казакстандан Россияга чейин Тажикстанга жана Ооганстанга карай), ал эми түштүк-чыгышында (Борбордук Азия Кытай менен) жайгашкан.

Кока-Кола Бишкек Боттлерстин ийгилигинин тарыхы

Опубликовано: 27.07.2019 в 07:27

Автор:

Категории: Ийгилигинин тарыхы

Кока-Кола Бишкек Боттлерс компаниясы 1995-жылы катталган. 1996-жылдын 8-майында компания өз ишмердигин Кыргыз Республикасында баштаган. Анын негизги ишмердиги Кока-Кола компаниясынын суусундуктарын Кыргыз Республикасында өндүрүү, сатуу жана бөлүштүрүү болуп саналат. 2006-жылы компания Кока-Кола Ичежек тобуна кирген. Бүгүнкү күндө биз Кока-Кола Бишкек Боттлерсти туруктуу өнүгүп жаткан эл аралык компания катары билебиз, ал өлкөнүн жетишүүсүнө чоң салым кошуп келет. Ошондой эле, компаниянын максаты Кыргыз Республикасынын экономикасына бир кыйла салым кошуу болуп калууда. 20дан көп жыл Кока-Кола Бишкек Боттлерс өлкөнүн эң чоң салык төлөөчүсү болгон, 3.4 млрд сомдон көп суммадагы салыктарды төлөгөн. 2016-жылы компания «Кыргыз Республикасынын мыкты салык төлөөчүсү» деген сыйлыкты утуп алган. Компанияга Бонаква, Кока-Кола, Кока-Кола зеро, Фанта, Фьюз чай, Пико, Швепс, Спрайт жана башка сыяктуу бренддер кирет. Өндүрүштүн көлөмү, жылына айнек бөтөлкөдөгү продукциялардын 55 миллион литрин жана жылына пластика бөтөлкөдөгү продукциялардын 65 миллион литрин түзөт.

Газпром Нефть Азиянын ийгилигинин тарыхы

Опубликовано: 27.07.2019 в 07:20

Автор:

Категории: Ийгилигинин тарыхы

Газпром Нефть Азия 2006-жылы катталган Кыргыз Республикасындагы эң чоң мунай трейдерлеринин бири болуп саналат. Компаниянын негизги ишмердиги — бул мунай заттарды дүң жана чекене сатуу. 2006-жылдан 2017-жылга чейин Газпром Нефть Азия 5.5 миллион тоннадан көп жогорку сапаттагы продукцияларды Россия Федерациясынан алып келип, саткан. Ошондой эле, ушул убакытка чейин компания мамлекетке 36 миллиард сомдон көп салык төлөгөн. Бүгүнкү күндө Газпром социалдык жоопкерчилик боюнча абдан көптөгөн программаларды ишке ашырган. Мисалы, 2009-жылы компания Кыргыз-Россия Славян университетиндеги нанотехнологиялык лабораторияларды каржылаган, ал студенттердин практикалык сабагына эң эле зор салым кошкон. Мындан тышкары, компания 2008-2014-жылдары 5 миллион сомдон көп суммада студенттердин стипендияларын каржылаган. 2010-жылы Газпром Нефть Азияда продукциялардын сапатын сертификациялоо жана баалоо боюнча жеке менчик метрологиялык борбору түзүлгөн. 2010-жылдан 2017-жылга чейин компания лабораториялар үчүн заманбап шаймандарды сатып алууга 30 миллион сомдон көптү инвестициялаган. Бул лабораториялардан 95000ден көп мунай зат тесттен өткөн.

ДемирБанктын ийгилигинин тарыхы

Опубликовано: 27.07.2019 в 07:18

Автор:

Категории: Ийгилигинин тарыхы

Демир Кыргыз Интернешнл Банк 1997-жылы негизделген. Кыргыз Республикасынын аймагындагы алгачкы эл аралык коммерциялык банк болуп саналат. Банк биринчи түзүлгөн жылдары, 1998-жылдагы Россия каатчылыгы, 2000-жылдагы Түркия каатчылыгы сыяктуу көптөгөн тоскоолдуктарга учураган. Банк бул коркунучтуу мезгилди баштан өткөрүп эле койбостон, тескерисинче Кыргыз Республикасынын банктык секторундагы лидерлердин бири болуп калды. ДемирБанктын негизги максаты инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү менен корпоративдик кардарларга да, жеке кардарларга да кенен банктык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө, Демирбанк Кыргыз Республикасындагы (уставдык капиталы 2018-жылга карата 600 миллион сомду түзгөн) эң чоң банктардын бири эле эмес, ошондой эле ал өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жана Кыргыз Республикасынын банктык системасын бир кыйла жакшыртууга абдан чоң салым кошуучу болуп эсептелет. ДемирБанк ЭИК (Эл аралык иштиктүү кеңеш), Америкалык соода палатасы жана башка сыяктуу ар түрдүү бизнес коомдоштуктун жана уюмдардын активдүү мүчөсү болуп саналат.

Центерра Голддун ийгилигинин тарыхы

Опубликовано: 27.07.2019 в 07:17

Автор:

Категории: Ийгилигинин тарыхы

Центерра Голд алтынды, жезди өндүрүп, иштеген Канадалык алтын казып чыгаруучу компания болуп саналат. Компаниянын башкы активи — бул Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда жайгашкан Кумтөр алтын кени. Ошондой эле компания Британия Колумбиясындагы «Маунт Миллиган» алтын кенине ээлик кылат, ал жерде компания көп жылдан бери иштейт. 2019-жылга карата Центерра голддун камдыктары 14.2 миллион унция алтынды жана 2.5 миллиард фунт жезди түзөт. 2017-жылы компаниянын жалпы кирешеси 209.5 миллион АКШ доллар таза пайдасы менен 2.1 миллиард АКШ доллар болгон. Центерра Голд Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн эң эле маанилүү компаниялардын бири болуп эсептелет. Компания 3600дөн көп жумуш орундарын камсыздайт. 1997-жылдан 2018-жылга чейин Кумтөр алтын кенинде 12.1 миллион унциядан көп алтын өндүрүлгөн. Кумтөрдөгү алтындын кен катмары 700 тонна деп бааланат. 1994-жылдан 2018-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы компаниянын жалпы чыгымы 3.77 миллиард АКШ долларга жакынды түзгөн. Аларга салыктар, эмгек акылар, инфратүзүмдү өнүктүрүү жана башкалар кирет.

Новотел Бишкектин ийгилигинин тарыхы

Опубликовано: 27.07.2019 в 07:17

Автор:

Категории: Ийгилигинин тарыхы

Новотел Бишкек Сити Центр, Аккор Групптун бөлүгү болуп саналат. Аккор бул француз компаниясы, ал 1967-жылы негизделген. Ал жалпы саны 280,000 жумушчусу бар 100 өлкөдөгү 4800 отелге ээлик кылат. 2018-жылы компаниянын кирешеси 3.61 миллиард АКШ долларын түзгөн. Аккор Групптун отелдери Софител (люкс класстагы отелдер), Пуллман (жогорку класстагы отелдер), Новотел (орточо класса отелдер) жана башка деген сыяктуу класстарга бөлүнгөн. Алгачкы Новотел 1967-жылы Лилль деген француз шаарында негизделген. Анда 25м2 аянты менен бир типтүү 62 бөлмө болгон. Эми, 2019-жылы Новотел Бишкекте ачылып жатат. Ал заманбап дизайндагы номерлерге эс алуучуларды ыңгайлуу жайгаштырууну жана борбор шаардын башкы ажайып жайларына оңой жетүүнү камсыздайт. Ошондой эле, отелдин ичинде ар түрдүү ашканалары менен ресторандар жана эс алуу үчүн спа-борборлор бар. Новотел Бишкек Сити Центрге болгон инвестициялардын көлөмү 25 миллион АКШ доллар деп бааланып жатат.

Альянс Алтындын ийгилигинин тарыхы

Опубликовано: 27.07.2019 в 07:16

Автор:

Категории: Ийгилигинин тарыхы

«Альянс Алтын» ЖЧК 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунда катталган. «Русская Платина» тобунун бөлүгү болуп саналат. Альянс Алтын 2035-жылдын 28-августуна чейин Джеруй кен казуу жерин иштеп чыгууга лицензия алган. 2015-жылы геологиялык иштер жана инженердик-экологиялык окуулар башталган. Буга жалпысынан 679.4 миң АКШ доллар корогон 2018-2031-жылдары Альянс Алтын жылына 1.3 миллион кен, 58.2 тонна алтын өндүрүмдүүлүгүн иштеп чыгууну пландап жатат. 2031-2043-жылдары компания жылына 700 миң кен, 28.7 тонна алтын өндүрүмдүүлүгүн жер астынан казууну пландап жатат. 2016-жылдагы маалыматтар боюнча бул долбоорго кеткен жалпы чыгымдар 307 миллион АКШ долларын түзөт.

ФИНКА Банкынын ийгилигинин тарыхы

Опубликовано: 27.07.2019 в 07:16

Автор:

Категории: Ийгилигинин тарыхы

«Финка Банк» ЖАК Кыргыз рыногуна 1995-жылы жакыр адамдарды колдоо, камсыздоо боюнча USAID программасы катары кирген. Ошондой эле бизнести өнүктүрүү жана жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн керектүү товараларды алууга, кызматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 2003-жылы ФИНКА Кыргыз Республикасы компаниясы «ФИНКА Микро кредиттик компания» ЖАК болуп кайра катталган жана Кредиттик маалыматтык бюронун мүчөсү болгон. 2015-жылдын мартында «ФИНКА Микро кредиттик компания» ЖАК банк лицензиясын алган, андан кийин ал «ФИНКА Банк» ЖАК болуп өзгөргөн. Толук лицензиялоо менен алгачкы аманаттарды кабыл алуу укугу берилген. 2018-жылга карата банкта кардардык аманаттардын 42 млн. АКШ доллары бар жана кардардык база 100 000ден көп адамга чейин өстү. 2017-жылы банктын таза пайдасы 5.827 млн. АКШ долларын түзгөн

Хаятт Ридженсинин ийгилигинин тарыхы

Опубликовано: 27.07.2019 в 07:16

Автор:

Категории: Ийгилигинин тарыхы

Хаятт корпорациясы бүткүл дүйнө боюнча эң алдыңкы отелдердин бири болуп саналат. Ошондой эле Гранд Хаятт, Парк Хаятт, Хаятт Ридженси, Классик Резиденс жана башка сыяктуу көптөгөн отелдик идеялар иштелип чыккан. 2009-жылы Хаяттын акциялары Нью-Йорк фондулук биржасында ачык соодага коюлган. Акциялар келечектеги өсүүнү өбөлгөлөө үчүн капиталдын бекем базасын эле камсыздабастан, ошондой эле инвесторлор, иштеп чыгуучулар жана коомчулук үчүн Хаяттын иштөөсүнүн кабыл алынышынын жаңы деңгээлин ачты. Бүгүнкү күндө Хаяттын капиталдаштыруусу 105.33 миллион акциялары менен 7,754.63 млн. АКШ долларын түзөт. Кыргыз Республикасында Хаятт Ридженси башында «Кыргызстан» деген советтик отель болгон, ал 1971-жылы салынган. СССР урагандан кийин отель оңдолуп, анын көрүнүшү баштан-аяк өзгөргөн. Азыркы учурда бул Бишкектеги жалгыз эл аралык, 5 жылдыздуу люкс отели. Ошондой эле, отелдин аймагында эң мыкты «Кростини» деген Орто-Жер деңиздик ресторан жана «Опера» деген бизнес лаундж бар.