Посты автора admin

admin

admin

Рига Бизнес – форуму – Борбор Азия менен Латвиянын ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү

Опубликовано: 13.06.2023 в 15:23

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 2023-жылдын 13-июнунда Рига шаарында (Латвия) “Борбор Азия менен Латвиянын ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү” бизнес – форуму болуп өттү Бизнес-форумдун алкагында Латвиянын алдыңкы компаниялары менен жолугушуулар, потенциалдуу өнөктөштөр, импорттоочулар жана дистрибьюторлор менен B2B и B2G жолугушуулары, ошондой эле экспедиторлордун, логисттердин жана автоташуучулардын ассоциацияларынын стивидордук компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулары болду. Мындан тышкары латвиялык дистрибьюторлор Кыргызстандан тамак-аш азыктарын импорттоого кызыкдарлыгын билдиришти. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын атынан тамак-аш азыктарын өндүрүүчү, ошондой эле логистикалык компаниялардан турган 10 компаниянын делегациясы катышты. Бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча делегация Рига эркин портуна, Литванын Лиепай эркин портуна жана Клайпеда портуна да барышты. Сапардын алкагында Европа биримдигинин өлкөлөрүнө мындан ары экспорттоо үчүн кампа жайларын жеңилдетилген негизде берүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын автомобилдик ташуучулары менен мультимодалдык Транскаспий коридору боюнча деңиз ташууларынын катышуучуларынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бизнес-форумду уюштуруу Борбордук Азиядагы соода боюнча USAID Программасынын колдоосу […]

Улуттук агенттик тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу үчүн эл аралык конгресстерге жана форумдарга активдүү катышууну улантууда

Опубликовано: 12.06.2023 в 15:07

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023 – Евразия конгрессинин алкагында КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Н.М. Баясов “Өнөр жайдагы өлкө аралык инвестициялык долбоорлор” панелдик сессиясында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирликтин өнөр жай өндүрүшүнүн динамикасы 2021-жылга салыштырмалуу 99,4%ды, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү Кыргыз Республикасында – 11,4%, Арменияда 7,9%, Казакстанда – 1,1% (Россияда – 0,6%, Беларусияда – 5,4% азайган) түзгөндүгүн белгилеп өттү. 2022-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин капиталынын катышуусу менен ишканалардын саны 380ден ашык ишкананы түздү. Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы менен 274 ишкана, Беларусь Республикасы менен 12 ишкана жана Армения Республикасы менен 5 ишкана. Бардыгы болуп 670тен ашык ишкана түзүлдү. 2022-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 236,9 млн АКШ долларын, анын ичинен Россия Федерациясынан 145,6 млн АКШ долларын жана Казакстан Республикасынан ТЧИнин агымы 90,5 млн АКШ долларын түздү. Н.М.Баясов бизнести колдоо инструменттерине […]

ИУАнын кызматкерлери, ошондой эле “Бишкек”ЭЭЧынын өкүлдөрү жалпы улуттук ишембиликке чыгышты

Опубликовано: 10.06.2023 в 10:15

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 10-июнда КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери, ошондой эле “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн өкүлдөрү жалпы улуттук ишембиликке чыгышты. Улуттук агенттик “Улуттук тазалык күнүн” өткөрүү жөнүндө демилгени колдойт. Ишембиликтин жүрүшүндө Сейил жаратылыш багынан Байтик айылына чейинки борбордук жолдун боюндагы аймак тиричилик таштандыларынан тазаланды. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфратүзүм түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында республиканын бардык шаарларында жана айылдарында ишембилик өткөрүлүүдө.

Улуттук агенттик Кыргызстанда жаңы текстиль фабрикасын ишке киргизген түрк инвесторлоруна жардам көрсөтүүнү улантууда

Опубликовано: 09.06.2023 в 17:31

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

“Декна Бишкек Текстиль” компаниясынын өкүлдөрү КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке барып, бир катар маселелерди, анын ичинде жаңы текстиль фабрикасы үчүн жабдуулардын чек арасынан өтүү жол-жобосун талкуулашты. Жолугушууга КР Мамлекеттик бажы кызматынын жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү чакырылып, инвесторлордун суроолоруна толук жооп беришти. Атап айтканда, Кытайдан кымбат баалуу жабдууларды ташуу менен байланышкан логистикалык маселелер талкууланды. Эскерте кетсек Кара-Балтадагы мурдагы килем комбинатынын базасында түрк инвесторлору жалпы аянты 53 миң м2 болгон жаңы текстиль фабрикасын ачууда. Бул долбоорду ишке ашыруу кошумча 800-1000 жумуш орундарын түзөт.

Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) өкүлдөрү Улуттук агенттикте болушту

Опубликовано: 07.06.2023 в 18:19

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) өкүлдөрү Улуттук агенттикте болушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Түштүк жана Борбордук Азия боюнча программалык офицер Зулфикар Кхан Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишкер чөйрөнү жакшыртуу боюнча (IBECA) программасы жөнүндө айтып берди, ал жеке сектордун демилгелерин колдоого, каржылоого жана инвестицияларга жетүү үчүн анын потенциалын күчөтүүгө, жеке секторго АКШнын инвестицияларын илгерилетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого, аймактык эксперттик жана бизнес тармактарды түзүүнү, ошондой эле инвестицияларды тартуу үчүн эл аралык байланыштарды колдоого багытталган. Жолугушуунун алкагында бизнес чөйрөнү жакшыртуу, экономикалык реформаларды жүргүзүү жана аймактык экономикалык интеграцияга жетишүү үчүн зарыл болгон тоскоолдуктарды жана артыкчылыктарды кошо алганда, улуттук ишкердик күн тартибинин маселелери талкууланды. Маалымат үчүн: CIPE – бул АКШнын коммерциялык эмес соода палатасынын түзүмү, ал жеке ишкердик жана рынок реформалары аркылуу дүйнө жүзү боюнча демократияны чыңдоо менен алектенет. Акыркы төрт он жылдыкта CIPE 138 өлкөдө 2800дөн ашык программаларды ишке ашырган.

Сочи шаарында атамекендик өндүрүүчүлөрдүн катышуусунда “Евразия – биздин үйүбүз” атуу көргөзмөсү ишин баштады

Опубликовано: 07.06.2023 в 18:19

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 2023-жылдын 7-июнунда Сочи шаарында “Евразия – биздин үйүбүз” аттуу көргөзмө өтүп жатат, анын алкагында” Кыргызстанда жасалган ” аттуу улуттук көргөзмө жайлары даярдалды. Ушул көргөзмө интеграциялык мүнөздөгү конкреттүү жетишкендиктерди жана иштеп чыгууларды презентациялоо, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ, Бирлик) өлкөлөрүнүн ишканаларынын кооперациялык кызматташтык боюнча биргелешкен ишинин натыйжаларын, анын ичинде Бирликтин мүчө мамлекеттеринин биргелешкен долбоорлорунун жыйынтыктарын чагылдыруу максатында өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын атынан 30дан ашык өнөр жай, тамак – аш, айыл чарба продукциясын өндүрүүчү компаниялар, ошондой эле текстиль-тигүү өнөр жайынын компаниялары катышууда.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик финансы-экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!

Опубликовано: 07.06.2023 в 17:24

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик финансы-экономика чөйрөсүнүн бардык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт жана ыраазычылык билдирет. Мамлекеттин өнүгүшүндө финансы-экономика чөйрөсү маанилүү ролду ойнойт. Адистер өнүгүү стратегияларын иштеп чыгуу менен гана алектенбестен, экономика процесстерин талдап, багытын болжолдошот жана өлкөбүздүн экономикалык өсүшүн жана жыргалчылыгын колдоо үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алышат. Сизердин ишиңиздер жогорку чеберчиликти, эмгекти жана жоопкерчиликти талап кылат. Биз сиздердин кесиптик чеберчилигиңизди жогору баалайбыз жана бардык аракеттериңиздерде сиздерди колдоого даярбыз. Финансы-экономика системасынын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, иштерине ийгилик каалайбыз жана кесиптик чеберчиликтеринин өсүүсүнө тилектешпиз.

Өзбекстандын ишкерлери Кыргызстанга 70 млн. ашык АКШ долларын инвестициялоого даяр

Опубликовано: 05.06.2023 в 11:51

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 26-январында Бишкек шаарында өткөн “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун алкагында Улуттук агенттиктин маселелери боюнча иштелип чыккан макулдашууларды аткаруу максатында, ошондой эле 2023-жылдын 8-мартынан 11-мартына чейин Өзбекстан Республикасына Министрлер Кабинетинин Төрагасы-КР Президентинин Администрациясынын жетекчиси А. Ү. Жапаровдун сапарынын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Улуттук агенттик менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы “Жол картасынын” тизмесине киргизилген долбоорлорду сапаттуу иштеп чыгуу үчүн Улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиевдин Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары болду. Сапардын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Л. Ш. Кудратов менен жолугушту. Тараптар экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн оң динамикасын белгилешти жана 2023-жылдын аягына чейин ишке ашыруу зарыл болгон бардык келишимдерди аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Ошону менен бирге ИУАнын директору У.Т. Темиралиев өндүрүш ишканаларына барды жана ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү, алар Кыргыз Республикасына 70 млн.ашык АКШ долларын инвестициялоого кызыкдар жана даяр экендигин билдиришти. Мындан тышкары бүгүнкү күндө […]

Улуттук агенттик жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү электрондук соода каналдары аркылуу экспорттук ишмердикти өнүктүрүүнү талкуулашты

Опубликовано: 02.06.2023 в 18:00

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп, электрондук соода каналдары аркылуу экспорттук ишмердикти өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев ИУАнын ишин, тактап айтканда экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу айтып берди. Борбордук Азиядагы электрондук коммерция боюнча программанын директору Чиу Ниу жетектеген Дүйнөлүк банктын миссиясы Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы экспорттук ишмердикти өнүктүрүүгө жана бизнес байланыштарын чыңдоого багытталган кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорго даяр экендигин билдирди. Өзгөчө көңүл электрондук соода каналдары аркылуу айыл чарба продукцияларын экспорттоону уюштуруу маселелерине бурулду. Тараптар Кытай, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн электрондук аянтчаларында Кыргыз Республикасынын экспорттоочуларын жана ишкерлерин каттоонун мүмкүн болгон кадамдарын талкуулашты.

Жогорку Кеңештин депутаттары Индия менен эки тараптуу инвестициялык келишимди ратификациялоону жактырышты

Опубликовано: 31.05.2023 в 15:33

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 31-майдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында “2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишимди ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.