Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) өкүлдөрү Улуттук агенттикте болушту

Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) өкүлдөрү Улуттук агенттикте болушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түштүк жана Борбордук Азия боюнча программалык офицер Зулфикар Кхан Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишкер чөйрөнү жакшыртуу боюнча (IBECA) программасы жөнүндө айтып берди, ал жеке сектордун демилгелерин колдоого, каржылоого жана инвестицияларга жетүү үчүн анын потенциалын күчөтүүгө, жеке секторго АКШнын инвестицияларын илгерилетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого, аймактык эксперттик жана бизнес тармактарды түзүүнү, ошондой эле инвестицияларды тартуу үчүн эл аралык байланыштарды колдоого багытталган.

Жолугушуунун алкагында бизнес чөйрөнү жакшыртуу, экономикалык реформаларды жүргүзүү жана аймактык экономикалык интеграцияга жетишүү үчүн зарыл болгон тоскоолдуктарды жана артыкчылыктарды кошо алганда, улуттук ишкердик күн тартибинин маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: CIPE – бул АКШнын коммерциялык эмес соода палатасынын түзүмү, ал жеке ишкердик жана рынок реформалары аркылуу дүйнө жүзү боюнча демократияны чыңдоо менен алектенет. Акыркы төрт он жылдыкта CIPE 138 өлкөдө 2800дөн ашык программаларды ишке ашырган.