Сочи шаарында атамекендик өндүрүүчүлөрдүн катышуусунда “Евразия – биздин үйүбүз” атуу көргөзмөсү ишин баштады

Бүгүн, 2023-жылдын 7-июнунда Сочи шаарында “Евразия – биздин үйүбүз” аттуу көргөзмө өтүп жатат, анын алкагында” Кыргызстанда жасалган ” аттуу улуттук көргөзмө жайлары даярдалды.

Ушул көргөзмө интеграциялык мүнөздөгү конкреттүү жетишкендиктерди жана иштеп чыгууларды презентациялоо, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ, Бирлик) өлкөлөрүнүн ишканаларынын кооперациялык кызматташтык боюнча биргелешкен ишинин натыйжаларын, анын ичинде Бирликтин мүчө мамлекеттеринин биргелешкен долбоорлорунун жыйынтыктарын чагылдыруу максатында өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын атынан 30дан ашык өнөр жай, тамак – аш, айыл чарба продукциясын өндүрүүчү компаниялар, ошондой эле текстиль-тигүү өнөр жайынын компаниялары катышууда.