Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик финансы-экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик финансы-экономика чөйрөсүнүн бардык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт жана ыраазычылык билдирет.

Мамлекеттин өнүгүшүндө финансы-экономика чөйрөсү маанилүү ролду ойнойт. Адистер өнүгүү стратегияларын иштеп чыгуу менен гана алектенбестен, экономика процесстерин талдап, багытын болжолдошот жана өлкөбүздүн экономикалык өсүшүн жана жыргалчылыгын колдоо үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алышат.

Сизердин ишиңиздер жогорку чеберчиликти, эмгекти жана жоопкерчиликти талап кылат. Биз сиздердин кесиптик чеберчилигиңизди жогору баалайбыз жана бардык аракеттериңиздерде сиздерди колдоого даярбыз.

Финансы-экономика системасынын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, иштерине ийгилик каалайбыз жана кесиптик чеберчиликтеринин өсүүсүнө тилектешпиз.