Улуттук агенттик Кыргызстанда жаңы текстиль фабрикасын ишке киргизген түрк инвесторлоруна жардам көрсөтүүнү улантууда

“Декна Бишкек Текстиль” компаниясынын өкүлдөрү КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке барып, бир катар маселелерди, анын ичинде жаңы текстиль фабрикасы үчүн жабдуулардын чек арасынан өтүү жол-жобосун талкуулашты.

Жолугушууга КР Мамлекеттик бажы кызматынын жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү чакырылып, инвесторлордун суроолоруна толук жооп беришти. Атап айтканда, Кытайдан кымбат баалуу жабдууларды ташуу менен байланышкан логистикалык маселелер талкууланды.

Эскерте кетсек Кара-Балтадагы мурдагы килем комбинатынын базасында түрк инвесторлору жалпы аянты 53 миң м2 болгон жаңы текстиль фабрикасын ачууда. Бул долбоорду ишке ашыруу кошумча 800-1000 жумуш орундарын түзөт.