ИУАнын кызматкерлери, ошондой эле “Бишкек”ЭЭЧынын өкүлдөрү жалпы улуттук ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 10-июнда КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери, ошондой эле “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн өкүлдөрү жалпы улуттук ишембиликке чыгышты.

Улуттук агенттик “Улуттук тазалык күнүн” өткөрүү жөнүндө демилгени колдойт.

Ишембиликтин жүрүшүндө Сейил жаратылыш багынан Байтик айылына чейинки борбордук жолдун боюндагы аймак тиричилик таштандыларынан тазаланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфратүзүм түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында республиканын бардык шаарларында жана айылдарында ишембилик өткөрүлүүдө.