Улуттук агенттик жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү электрондук соода каналдары аркылуу экспорттук ишмердикти өнүктүрүүнү талкуулашты

КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп, электрондук соода каналдары аркылуу экспорттук ишмердикти өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев ИУАнын ишин, тактап айтканда экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу айтып берди.

Борбордук Азиядагы электрондук коммерция боюнча программанын директору Чиу Ниу жетектеген Дүйнөлүк банктын миссиясы Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы экспорттук ишмердикти өнүктүрүүгө жана бизнес байланыштарын чыңдоого багытталган кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорго даяр экендигин билдирди.

Өзгөчө көңүл электрондук соода каналдары аркылуу айыл чарба продукцияларын экспорттоону уюштуруу маселелерине бурулду. Тараптар Кытай, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн электрондук аянтчаларында Кыргыз Республикасынын экспорттоочуларын жана ишкерлерин каттоонун мүмкүн болгон кадамдарын талкуулашты.