Посты автора admin

admin

admin

директорунун орун басары Ж.М. Жээналиев Кытайдан келген делегация менен жолугушуусу болуп өттү

Опубликовано: 20.04.2023 в 09:12

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.М. Жээналиев СПСКнын (Синьцзян өндүрүштүк-курулуш корпусунун) Башкы катчысынын орун басары Мурал Абылмайжин мырза баштаган Кытайдан келген делегация менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Ж.М. Жээналиев Кыргыз Республикасынын артыкчылыктары жана преференциялары, жалпысынан Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты тууралуу айтып берди. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы кайра жаралуучу энергия тармагындагы кызматташуу болду. Ж.М. Жээналиев, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлор Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө чон салым кошоорун баса белгиледи. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын эң жакын коңшусу жана стратегиялык өнөктөшү болгон Кытай Эл Республикасы менен кызматташуунун абдан маанилүүлүгүн белгиледи. Директордун орун басары Ж.М. Жээналиев эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн кыргыз-кытай ишкерлер кеңеши жөнүндө жобого кол коюлганын билдирди. Ал ошондой эле делегациянын бардык мүчөлөрүн Кыргыз Республикасында өтө турган «Ысык-Көл-2023» эл аралык экономикалык форумуна чакырды. Соңунда Мурал Абылмайжин мырза жылуу кабыл алгандыгы үчүн […]

Нарын облусунда инвестициялык жана МЖӨ долбоорлору аныкталды

Опубликовано: 22.03.2023 в 12:28

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.Жээналиев жана МЖӨ борборунун директорунун орун басары У.Данилбеков Нарын облусу боюнча жумуш сапарынын алкагында артыкчылыктуу инвестицияларды жана МЖӨ долбоорлорун аныктоо боюнча жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууда Нарын облусун жетекчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты. Жолугушууларда Нарын облусунун инвестициялык потенциалын чыңдоо жана мамлекет тарабынан колдоого муктаж болгон тармактарды аныктоо маселелери талкууланды. Жумушчу топ Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Кочкор райондорунда болушту. Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча күн энергиясы, бажы инфратүзүмү, ургалдуу багбанчылык, муниципалдык инфратүзүм жана башка секторлорго инвестиция тартуу боюнча долбоорлордун тизмеги аныкталды. Белгилей кетсек ушул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы №75 “Кыргыз Республикасынын башкаруу системасын өркүндөтүү жана инвестициялык потенциалды жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.

Кыргызстан менен Пакистандын ишкерлери интеграциялык маселелерди талкуулашууда

Опубликовано: 16.03.2023 в 13:04

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн 2023-жылдын 16-мартында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргызстандагы USAID бизнес миссиясы менен биргеликте уюштурган соода-инвестициялык бизнес-форум өтүп жатат. Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Кыргыз Республикасы менен Пакистан Республикасынын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди чыңдоо үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Иш-чарага билим берүү, саламаттыкты сактоо, мейманкана бизнеси, архитектура жана курулуш, маалымат технологиялары, логистика жана эл аралык транспорт сыяктуу тармактардан 40тан ашык компаниялардын өкүлдөрү катышты. Бүгүнкү иш-чара ишкерлер үчүн кызматташууну активдештирүү жана ийгиликтүү жана жемиштүү B2B жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Форумдун жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу менен Пакистандан келген «Глобалдык бизнес альянс» уюмунун ортосунда «Пакистан-Кыргызстан» соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Түркия Республикасынын Чыгыш Анадолунун ишкерлери Кыргызстанга иш сапары менен келди

Опубликовано: 15.03.2023 в 14:01

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 2023-жылдын 15-мартында, Чыгыш Түркия Экспортчулар Ассоциациясы (DAİB – Догу Анадолу Экспортчулар Бирлиги) тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жардамы менен уюштурулган Түркия Республикасынын Чыгыш Анадолу аймагынын бизнес коомчулугу менен ата мекендик ишкерлердин бизнес жолугушуусу болуп өттү. Иш-чаранын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Темир Сариев сүйлөдү. Делегациянын курамында Түркиянын курулуш материалдарын, химиялык буюмдарды жана өнөр жай жабдууларын өндүрүү боюнча алдыңкы өндүрүүчүлөрү келди. Ошондой эле, кыргыз тараптан ири курулуш компаниялардын өкүлдөрү, чакан ГЭСтерди куруу жана өнөр жай өндүрүш тармагындагы компаниялардын өкүлдөрү катышты. Расмий бөлүк аяктагандан кийин, В2В форматында жолугушуулар болуп, анын жыйынтыгында Кыргызстан жана Түркиянын бизнес-өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдерге жана ишкердик келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.

Азербайжандык компаниялар Кыргыз Республикасы менен соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар

Опубликовано: 03.03.2023 в 10:33

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Азербайжан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттигининин башчысы У. Темиралиев  азербайжандык ишкерлер менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев чет элдик инвесторлор үчүн келечектүү багыттар, бизнести өнүктүрүүдө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана колдонулуп жаткан салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди. Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен кененирээк Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев тематикалык презентация өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө азербайжандык компаниялар Кыргыз Республикасы менен соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул багытта, “CTC Holding” компаниясы күндөн жана шамалдан электр энергиясын өндүрүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле, эмерек чыгаруучу ири компаниялардын бири “Greenwood” Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгууга жана эмерек өндүрүшүн ачуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экенин көрсөттү. Мындан тышкары, ири логистикалык компаниялардын бири “Kamran Habibov” компаниясы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы жана Нарын облусунун эркин экономикалык […]

Жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев Өзбекстандын бир катар өнөр жай объектилери менен жолугушууларды өткөрдү

Опубликовано: 28.02.2023 в 17:31

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси У.Темиралиев «Узкимёсаноат» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Э.Коржиков менен жолугуп, Кыргыз Республикасынын аймагында кальций карбидинин өндүрүү долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун жолдорун  талкулады. Маалымат үчүн: «Узкимёсаноат» акционердик коому Өзбекстан Республикасынын химиялык ишканаларын бириктирген ажырагыс корпоративдик түзүм болуп саналат. Компания химиялык ишканаларды өнүктүрүү үчүн өндүрүштүк, инновациялык, маркетингдик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат. Компаниянын түзүмүндө 13 өнөр жай ишканасы, илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту, «Киметранс» жана «Кимиотранс-логистика» тышкы экономикалык транспорттук-экспедициялык уюмдар ошондой эле «Хамкор-кимиосервис» брокердик компаниясы бар. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу, заманбап технологияларды колдонуу жана эл аралык стандарттарга ылайыктуу иш-чаралардын артыкчылыктуу пландарын талкуулады. Ошондой эле кальций карбиди (өндүрүү үчүн төмөнкү компоненттер сапаттуу көмүр, 20 МВт электр энергиясы жана суу)  керек экени айтылды. Жыйынтыгында тараптар маселени мындан ары биргелешип изилдөө үчүн байланыштарды алмашышты. Маалымат үчүн: 2023-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн […]

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин жетекчиси У.Темиралиев Ташкентте иш сапары менен болду

Опубликовано: 27.02.2023 в 17:48

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Сапардын негизги максаты 2023-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес-форумунун алкагында Улуттук агенттик тарабынан кол коюлган келишимдерди аткаруу болуп саналат. Сапардын алкагында Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Л.Кудратов менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев инвестициялык саясат жаатындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар жана мамлекет инвесторлорго жана ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөткөн энергетика, агроөнөр жай комплекси, ошондой эле туризм жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу кыскача маалымат берди. Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Л.Кудратов Бишкекте өткөн бизнес-форум ийгиликтүү өткөнүн белгиледи жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүн өзүнө тарткан уюштуруучуларга жогору баа берди. Ушул контекстте сапардын өз убагында болгону белгиленди. Химия жана текстиль өнөр жайы, машина куруу, фармацевтика, булгаары жана бут кийим өндүрүшү, курулуш материалдары, электротехника, ошондой эле айыл чарба, транспорт, логистика жана туризм энергетика тармактарында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү боюнча учурдагы этаптар жана алдыдагы […]

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Опубликовано: 22.02.2023 в 10:40

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Улуттук агенттиктин жалпы жамааты жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде дастанчылык өнөрү боюнча билим алып жаткан Самуил Жорж жана ушул эле окуу жайынын студенти Жээнбек Казыбеков катышты.Белгилей кетсек аталган иш-чара “Тил – улуттун жан дүйнөсү “ темасында өткөрүлүп, ачылыш аземинде Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.М.Жээналиев жалпы жамаатты жана салтанаттуу иш-чаранын конокторун Эл аралык эне тил күнү менен куттуктап, тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун, өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы экендигине токтолуп өттү.Иш-чарада эне тил, анын тарыхы, коомдогу орду жөнүндө ой-толгоолор айтылып, кыргыздардын музыкалык аспаптарында кол ойноткон коноктордун ырлары, дастандары жаңырды.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жамаатына директордун жаңы орун басары тааныштырылды

Опубликовано: 20.02.2023 в 14:24

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров агенттиктин жамаатын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А. Ү. Жапаровдун  Ж. М.Жээналиевдин дайындалышы жөнүндө буйругу менен тааныштырды. Ж. М. Жээналиев дайындалганга чейин КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматын ээлеп келген. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы жана инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген. Маалымдама: Жалын Муратбекович Жээналиев 1991-жылдын 9-сентябрында туулган, “Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси”. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыраазычылык катынын ээси.

“Кыргызстан – Венгрия” бизнес форумунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Опубликовано: 15.02.2023 в 15:10

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында «Мажар-кыргыз» бизнес форумунда Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Венгриянын экспортту илгерилетүү агенттигинин жетекчилери өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. Ошол эле учурда, жалпы суммасы 50 миллион АКШ долларын түзгөн эки тараптуу документтерди алмашуу аземи болуп өттү.Кол коюлган келишимдер эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө жана биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.Белгилей кетсек, Улуттук инвестициялык агенттик аркылуу эт азыктарын жана кант заводуна жабдууларды жеткирүү боюнча келишимдерге, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында кызматташуу максатында меморандумдарга кол коюлган. Мындан тышкары, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу ата мекендик жана венгриялык компаниялар кредиттик келишимдерге жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо, продукцияны жана товарларды өз ара жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту.