21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Улуттук агенттиктин жалпы жамааты жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде дастанчылык өнөрү боюнча билим алып жаткан Самуил Жорж жана ушул эле окуу жайынын студенти Жээнбек Казыбеков катышты.Белгилей кетсек аталган иш-чара “Тил – улуттун жан дүйнөсү “ темасында өткөрүлүп, ачылыш аземинде Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.М.Жээналиев жалпы жамаатты жана салтанаттуу иш-чаранын конокторун Эл аралык эне тил күнү менен куттуктап, тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун, өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы экендигине токтолуп өттү.Иш-чарада эне тил, анын тарыхы, коомдогу орду жөнүндө ой-толгоолор айтылып, кыргыздардын музыкалык аспаптарында кол ойноткон коноктордун ырлары, дастандары жаңырды.