Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жамаатына директордун жаңы орун басары тааныштырылды

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров агенттиктин жамаатын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси

А. Ү. Жапаровдун  Ж. М.Жээналиевдин дайындалышы жөнүндө буйругу менен тааныштырды.

Ж. М. Жээналиев дайындалганга чейин КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматын ээлеп келген.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы жана инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген.

Маалымдама: Жалын Муратбекович Жээналиев 1991-жылдын 9-сентябрында туулган, “Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси”.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыраазычылык катынын ээси.