“Кыргызстан – Венгрия” бизнес форумунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында «Мажар-кыргыз» бизнес форумунда Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Венгриянын экспортту илгерилетүү агенттигинин жетекчилери өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. Ошол эле учурда, жалпы суммасы 50 миллион АКШ долларын түзгөн эки тараптуу документтерди алмашуу аземи болуп өттү.Кол коюлган келишимдер эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө жана биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.Белгилей кетсек, Улуттук инвестициялык агенттик аркылуу эт азыктарын жана кант заводуна жабдууларды жеткирүү боюнча келишимдерге, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында кызматташуу максатында меморандумдарга кол коюлган.

Мындан тышкары, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу ата мекендик жана венгриялык компаниялар кредиттик келишимдерге жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо, продукцияны жана товарларды өз ара жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту.