Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин жетекчиси У.Темиралиев Ташкентте иш сапары менен болду

Сапардын негизги максаты 2023-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес-форумунун алкагында Улуттук агенттик тарабынан кол коюлган келишимдерди аткаруу болуп саналат.

Сапардын алкагында Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Л.Кудратов менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев инвестициялык саясат жаатындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар жана мамлекет инвесторлорго жана ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөткөн энергетика, агроөнөр жай комплекси, ошондой эле туризм жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу кыскача маалымат берди.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Л.Кудратов Бишкекте өткөн бизнес-форум ийгиликтүү өткөнүн белгиледи жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүн өзүнө тарткан уюштуруучуларга жогору баа берди.

Ушул контекстте сапардын өз убагында болгону белгиленди. Химия жана текстиль өнөр жайы, машина куруу, фармацевтика, булгаары жана бут кийим өндүрүшү, курулуш материалдары, электротехника, ошондой эле айыл чарба, транспорт, логистика жана туризм энергетика тармактарында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү боюнча учурдагы этаптар жана алдыдагы биргелешкен пландар каралды.

Атап айтканда тараптар жети артыкчылыктуу багыттарды аныктап, биргелешкен долбоорлордун конкреттүү жерлерин жана демилгечилерин аныкташты. Долбоордук иштерди тездетүү боюнча ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендиги билдирилди.

Тараптар экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн оң динамикасын жана 2023-жылдын аягына чейин ишке ашыруу зарыл болгон бардык макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Ошону менен бирге биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү боюнча тыгыз кызматташуу тууралуу макулдашууга жетишилди.