ДемирБанктын ийгилигинин тарыхы

Демир Кыргыз Интернешнл Банк 1997-жылы негизделген. Кыргыз Республикасынын аймагындагы алгачкы эл аралык коммерциялык банк болуп саналат. Банк биринчи түзүлгөн жылдары, 1998-жылдагы Россия каатчылыгы, 2000-жылдагы Түркия каатчылыгы сыяктуу көптөгөн тоскоолдуктарга учураган. Банк бул коркунучтуу мезгилди баштан өткөрүп эле койбостон, тескерисинче Кыргыз Республикасынын банктык секторундагы лидерлердин бири болуп калды. ДемирБанктын негизги максаты инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү менен корпоративдик кардарларга да, жеке кардарларга да кенен банктык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө, Демирбанк Кыргыз Республикасындагы (уставдык капиталы 2018-жылга карата 600 миллион сомду түзгөн) эң чоң банктардын бири эле эмес, ошондой эле ал өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жана Кыргыз Республикасынын банктык системасын бир кыйла жакшыртууга абдан чоң салым кошуучу болуп эсептелет. ДемирБанк ЭИК (Эл аралык иштиктүү кеңеш), Америкалык соода палатасы жана башка сыяктуу ар түрдүү бизнес коомдоштуктун жана уюмдардын активдүү мүчөсү болуп саналат.