Кыргызстанга инвестицияларды тартуудагы француз консалтинги

Инвестициялар  чөйрөсүндөгү Француз консалтинг компанияларынын Кыргызстандын капитал рыногуна келиши.

2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча  улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Бишкекте француз консалтинг компанияларынын инвестициялык конференциясына катышты. Конференцияда президент Н.Косабианктын атынан “Финантреп Аспир” француз компаниялары, президент Б.Карлиердин атынан “Меркюро” компаниялары, ошондой эле Франциянын жалпы улуттук“МЕДЕФ” ассоциациясы презентацияланды.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Инвестициялар боюнча  улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров бүгүнкү күндө инвестициялык конференцияны өткөрүү өзгөчө актуалдуу болуп жатканын, тез өзгөрүүлөрдүн шартында алардын өнүгүү багыттарынын жолдоруна өз убагында оңдоолорду киргизүү зарылдыгын белгиледи.

“Биз өз ара пайдалуу кызматташуу жолунда потенциалдуу өнөктөштөрдүн жолугушуу кадамдарын кубаттайбыз. Француз Республикасы тарабынан бизнес-консалтингдин активдүү ролун канааттануу менен белгилегим келет. “Консалтинг – эң кенже наамы полковник болгон армия”- дегендей белгилүү бир долбоорго инвестиция тартуунун ийгилиги кесипкөй консультанттардан көз каранды”, – деп баса белгиледи Равшан Сабиров.

Андан ары Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси мамлекет башчынын колдоосун, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 10-мартындагы № 75 “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын өз учурунда чыккандыгын баса белгиледи.

Бул Жарлыкка ылайык бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, эл аралык финансы институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар  менен кызматташуу, ошондой эле Кыргыз Республикасына тышкы кайтарымсыз көмөк көрсөтүү каражаттарын (гранттарды, техникалык көмөктү,максаттуу кайтарымсыз жардамды) тартуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана координациялоо үчүн жооптуу  ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлдү.

“Ошентип Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигин түзүү,  стратегиялык демилге жана дүйнөлүк саясий ландшафттынын тез өзгөрүшүнүн шартында гүлдөп өнүккөн,  цивилизациялуу, заманбап жана жогорку технологиялуу капитал рыногун түзүүгө багытталган мамлекетибиздин амбициялуу курсунун уландысы болуп саналат.”, – деди корутундусунда Равшан Сабиров.