КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ: “ ЗАРУБЕЖ ЭКСПО ” Акционердик коому менен B2B

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Инвестициялар боюнча улуттук агенттик “Expo Russia-Kyrgyzstan 2022” ири өлчөмдөгү  көргөзмөсүн өткөрөт.

2022-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук  агенттиктин директору С.А. Сабировдун  “Зарубеж Экспо” АКнын директорлор кеңешинин төрагасы Д.Р.Вартанов менен   жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар 2022-жылдын 21-июнунан 23-июнуна чейин Бишкекте “Экспо Россия-Кыргызстан” биринчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсүн, ошондой эле төмөнкү тармактарда 250 ири россиялык компаниялардын катышуусунда бизнес-форумду өткөрүү боюнча макулдашышты:

– Энергетика;

– Машина куруу;

– Металлургия;

– Химия өнөр жайы;

– Мунай- газ өнөр жайы;

– Курулуш;

– Транспорт;

– Агроөнөр жай комплекси;

– Маалымат технологиялары;

– Тоо-кен казуу өнөр жайы;

– Инновациялык технологиялар жана материалдар;

– Медицина жана фармацевтика;

– Банк иши, инвестиция жана камсыздандыруу;

– Билим  жана илим;

– Элдик  керектөө товарлары;

– Кызмат көрсөтүү чөйрөсү.

Бизнес-программада кыргыз-орус региондор аралык бизнес-форуму, тематикалык тегерек үстөлдөр, В2В байланыш алмашуу, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушуулары каралган.

Кызыккан адамдар сунуштарын elida.bazarbaeva77@gmail.com дарегине жөнөтүшү зарыл.