Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Пакистан жана Афганистан боюнча улук менеджери М. Вилль Дю баштаган делегацияны кабыл алды. Жыйында инвесторлордун укуктарын коргоо жана венчурдук капиталды тартуу механизмдерин ишке киргизүү, ошондой эле Инвестициялык кодексти иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Нурадил Баясов Улуттук агенттиктин ишмердүүлүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн IFCге ыраазычылык билдирди, ошондой эле бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Тактап айтканда, УИА механизмге ылайык инвесторлордон түшкөн 16 арызды карап, анын 40 пайызы ийгиликтүү чечилип, 80 миллион АКШ долларына жакын инвестицияны жана 300гө жакын жумуш ордун үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзгөнүнүн айтып берди. Мындан тышкары, Н.Баясов инвестицияларды тартуунун, илгерилетүүнүн жана коргоонун дагы деталдуу эрежелерин камтыган жаңы Инвестициялык кодексти иштеп чыгуу боюнча иштерге, ошондой эле венчурдук капиталдык тартууга укуктук негиз түзө турган атайын иштерге токтолду. «Менин оюмча, биздин биргелешкен ишибиз, […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору У.Темиралиевдин КЭРнын өнүктүрүү жана реформалоо боюнча мамлекеттик комитетинин чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана чет өлкөлүк инвестициялар боюнча департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа башында турган делегация менен жолугушуусу болуп өттү. КЭРдан келген делегация менен жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жеңилдиктер жана ошондой эле жалпы Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат жөнүндө айтып берди. Улуттук агенттиктин директору У. Темиралиев эки тараптуу экономикалык байланыштарды бекемдөө максатында түзүлгөн кыргыз-кытай ишкердик кеңеши жөнүндө жобого кол коюлганын билдирди. Ошондой эле ал делегациянын бардык мүчөлөрүн Кыргыз Республикасында өтө турган “Ысык-Көл 2023” эл аралык экономикалык форумуна чакырды. Жыйынтыгында Чжан Цзяньхуа айым жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-кытай достук мамилесин өнүктүрүү ниетин билдирди. Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ар кандай чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр жана өз ара мамилелерин мындан ары бекемдөөгө ниеттенишүүдө.
2023-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.М. Жээналиев СПСКнын (Синьцзян өндүрүштүк-курулуш корпусунун) Башкы катчысынын орун басары Мурал Абылмайжин мырза баштаган Кытайдан келген делегация менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Ж.М. Жээналиев Кыргыз Республикасынын артыкчылыктары жана преференциялары, жалпысынан Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты тууралуу айтып берди. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы кайра жаралуучу энергия тармагындагы кызматташуу болду. Ж.М. Жээналиев, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлор Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө чон салым кошоорун баса белгиледи. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын эң жакын коңшусу жана стратегиялык өнөктөшү болгон Кытай Эл Республикасы менен кызматташуунун абдан маанилүүлүгүн белгиледи. Директордун орун басары Ж.М. Жээналиев эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн кыргыз-кытай ишкерлер кеңеши жөнүндө жобого кол коюлганын билдирди. Ал ошондой эле делегациянын бардык мүчөлөрүн Кыргыз Республикасында өтө турган «Ысык-Көл-2023» эл аралык экономикалык форумуна чакырды. Соңунда Мурал Абылмайжин мырза жылуу кабыл алгандыгы үчүн […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.Жээналиев жана МЖӨ борборунун директорунун орун басары У.Данилбеков Нарын облусу боюнча жумуш сапарынын алкагында артыкчылыктуу инвестицияларды жана МЖӨ долбоорлорун аныктоо боюнча жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууда Нарын облусун жетекчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты. Жолугушууларда Нарын облусунун инвестициялык потенциалын чыңдоо жана мамлекет тарабынан колдоого муктаж болгон тармактарды аныктоо маселелери талкууланды. Жумушчу топ Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Кочкор райондорунда болушту. Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча күн энергиясы, бажы инфратүзүмү, ургалдуу багбанчылык, муниципалдык инфратүзүм жана башка секторлорго инвестиция тартуу боюнча долбоорлордун тизмеги аныкталды. Белгилей кетсек ушул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы №75 “Кыргыз Республикасынын башкаруу системасын өркүндөтүү жана инвестициялык потенциалды жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.
Бүгүн 2023-жылдын 16-мартында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргызстандагы USAID бизнес миссиясы менен биргеликте уюштурган соода-инвестициялык бизнес-форум өтүп жатат. Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Кыргыз Республикасы менен Пакистан Республикасынын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди чыңдоо үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Иш-чарага билим берүү, саламаттыкты сактоо, мейманкана бизнеси, архитектура жана курулуш, маалымат технологиялары, логистика жана эл аралык транспорт сыяктуу тармактардан 40тан ашык компаниялардын өкүлдөрү катышты. Бүгүнкү иш-чара ишкерлер үчүн кызматташууну активдештирүү жана ийгиликтүү жана жемиштүү B2B жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Форумдун жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу менен Пакистандан келген «Глобалдык бизнес альянс» уюмунун ортосунда «Пакистан-Кыргызстан» соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду.
Бүгүн, 2023-жылдын 15-мартында, Чыгыш Түркия Экспортчулар Ассоциациясы (DAİB – Догу Анадолу Экспортчулар Бирлиги) тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жардамы менен уюштурулган Түркия Республикасынын Чыгыш Анадолу аймагынын бизнес коомчулугу менен ата мекендик ишкерлердин бизнес жолугушуусу болуп өттү. Иш-чаранын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Темир Сариев сүйлөдү. Делегациянын курамында Түркиянын курулуш материалдарын, химиялык буюмдарды жана өнөр жай жабдууларын өндүрүү боюнча алдыңкы өндүрүүчүлөрү келди. Ошондой эле, кыргыз тараптан ири курулуш компаниялардын өкүлдөрү, чакан ГЭСтерди куруу жана өнөр жай өндүрүш тармагындагы компаниялардын өкүлдөрү катышты. Расмий бөлүк аяктагандан кийин, В2В форматында жолугушуулар болуп, анын жыйынтыгында Кыргызстан жана Түркиянын бизнес-өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдерге жана ишкердик келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.
Азербайжан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттигининин башчысы У. Темиралиев азербайжандык ишкерлер менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев чет элдик инвесторлор үчүн келечектүү багыттар, бизнести өнүктүрүүдө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана колдонулуп жаткан салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди. Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен кененирээк Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев тематикалык презентация өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө азербайжандык компаниялар Кыргыз Республикасы менен соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул багытта, “CTC Holding” компаниясы күндөн жана шамалдан электр энергиясын өндүрүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле, эмерек чыгаруучу ири компаниялардын бири “Greenwood” Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгууга жана эмерек өндүрүшүн ачуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экенин көрсөттү. Мындан тышкары, ири логистикалык компаниялардын бири “Kamran Habibov” компаниясы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы жана Нарын облусунун эркин экономикалык […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси У.Темиралиев «Узкимёсаноат» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Э.Коржиков менен жолугуп, Кыргыз Республикасынын аймагында кальций карбидинин өндүрүү долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун жолдорун талкулады. Маалымат үчүн: «Узкимёсаноат» акционердик коому Өзбекстан Республикасынын химиялык ишканаларын бириктирген ажырагыс корпоративдик түзүм болуп саналат. Компания химиялык ишканаларды өнүктүрүү үчүн өндүрүштүк, инновациялык, маркетингдик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат. Компаниянын түзүмүндө 13 өнөр жай ишканасы, илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту, «Киметранс» жана «Кимиотранс-логистика» тышкы экономикалык транспорттук-экспедициялык уюмдар ошондой эле «Хамкор-кимиосервис» брокердик компаниясы бар. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу, заманбап технологияларды колдонуу жана эл аралык стандарттарга ылайыктуу иш-чаралардын артыкчылыктуу пландарын талкуулады. Ошондой эле кальций карбиди (өндүрүү үчүн төмөнкү компоненттер сапаттуу көмүр, 20 МВт электр энергиясы жана суу) керек экени айтылды. Жыйынтыгында тараптар маселени мындан ары биргелешип изилдөө үчүн байланыштарды алмашышты. Маалымат үчүн: 2023-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн […]
Сапардын негизги максаты 2023-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес-форумунун алкагында Улуттук агенттик тарабынан кол коюлган келишимдерди аткаруу болуп саналат. Сапардын алкагында Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Л.Кудратов менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев инвестициялык саясат жаатындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар жана мамлекет инвесторлорго жана ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөткөн энергетика, агроөнөр жай комплекси, ошондой эле туризм жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу кыскача маалымат берди. Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Л.Кудратов Бишкекте өткөн бизнес-форум ийгиликтүү өткөнүн белгиледи жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүн өзүнө тарткан уюштуруучуларга жогору баа берди. Ушул контекстте сапардын өз убагында болгону белгиленди. Химия жана текстиль өнөр жайы, машина куруу, фармацевтика, булгаары жана бут кийим өндүрүшү, курулуш материалдары, электротехника, ошондой эле айыл чарба, транспорт, логистика жана туризм энергетика тармактарында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү боюнча учурдагы этаптар жана алдыдагы […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Улуттук агенттиктин жалпы жамааты жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде дастанчылык өнөрү боюнча билим алып жаткан Самуил Жорж жана ушул эле окуу жайынын студенти Жээнбек Казыбеков катышты.Белгилей кетсек аталган иш-чара “Тил – улуттун жан дүйнөсү “ темасында өткөрүлүп, ачылыш аземинде Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.М.Жээналиев жалпы жамаатты жана салтанаттуу иш-чаранын конокторун Эл аралык эне тил күнү менен куттуктап, тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун, өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы экендигине токтолуп өттү.Иш-чарада эне тил, анын тарыхы, коомдогу орду жөнүндө ой-толгоолор айтылып, кыргыздардын музыкалык аспаптарында кол ойноткон коноктордун ырлары, дастандары жаңырды.