Борбор Азия, Латвия жана Литва ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү ” Бизнес-форумдардын жыйынтыктары

Рига шаарында (Латвия) жана Вильнюс шаарында (Литва) өткөрүлгөн Бизнес-форумдардын жыйынтыгы боюнча кургатылган жемиштерди жеткирүүгө «Sun Planet Organic» жана «Eskito» компаниялары менен «Sun Planet Organic» компаниясынын ортосунда контракт түзүлгөн.

Мындан тышкары мультимодалдык Транскаспий коридорун өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен “Centriniani Azijos Projektai” (Литва) компаниясынын ортосунда Меморандумга кол коюлду. Бул документте эки өлкөнүн ишкерлерине товарларын жана кызматтарын сатууга көмөк көрсөтүү каралган.

Белгилей кетсек Кыргыз Республикасына тамак-аш азыктарын өндүрүүчү, ошондой эле логистикалык компаниялардан турган 10 компаниянын делегациясы келген. Бизнес-форумдардын алкагында Латвиянын, Литванын алдыңкы компаниялары, потенциалдуу өнөктөштөр, импорттоочулар жана дистрибьюторлор, ошондой эле экспедиторлордун, логисттердин жана автоташуучулардын ассоциациялары, стивидордук компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп өттү.

Бизнес-форумдарды уюштуруу USAID Борбордук Азиядагы соода боюнча Программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.