Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айыл аймактарынын башчылары менен көчмө кеңешмелердин алкагында инвестициялык саясат жана инвесторлорду коргоо боюнча презентациялар өткөрүлдү

2023-жылдын 13-14-июнда Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айыл аймактарынын башчыларынын катышуусунда көчмө кеңешмелер болуп өттү.

ЖӨБ органдары үчүн көчмө кеңешмелерде “Инвестициялык саясатты ишке ашыруу”, “Инвесторлорду коргоо механизми”, ошондой эле “Аймактардагы МЖӨ долбоорлору”темаларында презентациялар өткөрүлдү.

Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж. Жээналиев учурда Улуттук агенттик Нарын облусуна инвестиция тартуу концепциясын даярдап жаткандыгын Нарын облусунун ЖӨБ органдарына маалымдады. Документ облуска ЧТИ агымын жогорулатуу үчүн негиз болушу керек.

Облустарда ушундай иш-чараларды өткөрүү облустардын инвестициялык потенциалына оң таасирин тийгизет, инвестициялык жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча облустардагы инвестициялык долбоорлор, ошондой эле инвестицияларды тартуудагы тоскоолдуктарды чечүү жолдору талкууланды. Ысык-Көл облусунда демилгеленген инвестициялык долбоорлор каралды.

Иш-чара Швейцария Өкмөтү каржылаган Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасына инвестициялардын өсүшүнө жана көмөктөшүүсүнө көмөк көрсөтүү боюнча тобуна кирген IFC долбоорунун көмөгү менен уюштурулду. Инвесторлорду коргоо механизмин имплементациялоо боюнча ишинин алкагында өткөн жылы бүткүл өлкө боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана инвесторлор үчүн ири маалыматтык компания өткөрүлгөн.