Кыргызстан биринчи жолу Петербург эл аралык экономикалык форумдун аянтында “Кыргызстан-Россия Бизнес диалогу” ишкер чөйрөлөрдүн панелдик сессиясын өткөрдү

Бүгүн, 2023- жылдын 14-июнунда дүйнөдөгү эң ири жана маанилүү ишкер окуяларынын бири болгон Петербург эл аралык экономикалык форуму (ПЭЭФ-2023) башталды.

КРдин Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик КРдин Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте КРдин РФдагы Элчилигинин колдоосу менен форумдун аянтчасында “Кыргызстан – Россия Бизнес диалогун” уюштурду. Бул Кыргызстандын колдоосу алдында ПЭЭФте өткөрүлгөн ишкер чөйрөлөрдүн биринчи панелдик сессиясы экендигин баса белгилеп кетүү зарыл.

25 жылдын ичинде форум глобалдык экономиканын өзөктүү маселелерин талкуулоо жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында мыкты дүйнөлүк практикалар жана компетенциялар менен алмашуу үчүн алдыңкы дүйнөлүк аянтча статусуна ээ болду. Мисалы, ПЭЭФ-2022 иш-чараларына 14 000 өлкөдөн 130дан ашык адам катышкан. Алардын арасында мамлекет жана өкмөт башчылары, ири компаниялардын жетекчилери, ошондой эле илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган дүйнөнүн алдыңкы эксперттери бар. 81 өлкө расмий өкүлдөрүн жөнөткөн.

Кыргыз тарап ПЭЭФ-2023ке катышуу натыйжа берерине жана кийинки жылы республика бул алдыңкы дүйнөлүк аянтчада өзүн масштабдуу көрсөтөрүнө ишенет. Ишкер чөйрөлөрдүн панелдик сессиясына катышуу Кыргызстан үчүн маанилүү окуя болуп саналат жана өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын эл аралык жогорку деңгээлде илгерилетүүгө мүмкүндүк берет.