Посты с тэгом: Инвестициялар

Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи отурумуна даярдык

Германия Федеративдүү Республикасы мененэкономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн куралыкатары кыргыз-герман ишкер кеңешин түзүү 2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттукагенттиктин директору Равшан Сабиров Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү мененжолугушуу өткөрдү. Тармактык мамлекеттик органдардан, финансы институттарынан жана бизнес-коомчулуктан 39 өкүлдөн турган ушул курам Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 131-т тескемеси менен бекитилген. Ишкерлер кеңешинин кыргыз бөлүгү кыргыз-германишкерлер кеңешинин биринчи отурумуна сунуштар пакетиндаярдоо боюнча пикир алмашты. Жолугушууда Улуттук агенттиктин директору РавшанСабиров Кыргыз-Герман Ишкер Кеңешинин түзүлүшүГермания Федеративдүү Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктыарттыруунун натыйжалуу кадамы болуп саналарын жанакийинчерээк ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундаүзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү үчүн негизги аянтча болупкаларын баса белгиледи.  Андан ары Улуттук агенттиктин башчысы германиялыктарап менен кызматташуунун келечектүү чөйрөлөрүнбелгилеп кетти, атап айтканда: жашыл экономика, агроөнөржай комплекси, экспорттук жеткирүүлөрдү өнүктүрүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, машина куруу, билим берүү, каржы-техникалык жана банктыккызматташуу, өнөр жай жана курулуш. Соңунда Равшан Сабиров бизнес-коомчулукту КыргызРеспубликасынын тармактык мамлекеттик органдарынынколдоосу менен Германия Федеративдүү Республикасы мененөз ара аракеттенүү боюнча жигердүү жана натыйжалууиштөөгө чакырды. Жолугушуунун жыйынтыгында Ишкерлер кеңешининмүчөлөрү ачык диалог форматында жолугушуулардыүзгүлтүксүз өткөрүүгө макулдашышты. Кийинки жолугушуу2022-жылдын 27-апрелинде өтөт.

Кыргызстанга инвестицияларды тартуудагы француз консалтинги

Инвестициялар  чөйрөсүндөгү Француз консалтинг компанияларынын Кыргызстандын капитал рыногуна келиши. 2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча  улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Бишкекте француз консалтинг компанияларынын инвестициялык конференциясына катышты. Конференцияда президент Н.Косабианктын атынан “Финантреп Аспир” француз компаниялары, президент Б.Карлиердин атынан “Меркюро” компаниялары, ошондой эле Франциянын жалпы улуттук“МЕДЕФ” ассоциациясы презентацияланды. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Инвестициялар боюнча  улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров бүгүнкү күндө инвестициялык конференцияны өткөрүү өзгөчө актуалдуу болуп жатканын, тез өзгөрүүлөрдүн шартында алардын өнүгүү багыттарынын жолдоруна өз убагында оңдоолорду киргизүү зарылдыгын белгиледи. “Биз өз ара пайдалуу кызматташуу жолунда потенциалдуу өнөктөштөрдүн жолугушуу кадамдарын кубаттайбыз. Француз Республикасы тарабынан бизнес-консалтингдин активдүү ролун канааттануу менен белгилегим келет. “Консалтинг – эң кенже наамы полковник болгон армия”- дегендей белгилүү бир долбоорго инвестиция тартуунун ийгилиги кесипкөй консультанттардан көз каранды”, – деп баса белгиледи Равшан Сабиров. Андан ары Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси мамлекет башчынын колдоосун, тактап айтканда, Кыргыз […]

Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы келечеги.

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милан Коллар мырза менен жолугушуу болуп өттү. 2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милан Коллар мырза менен жолугушту. Тараптар товарларды жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Экономиканын ар түрдүү тармактарындагы мүмкүн болгон байланышы жөнүндө кеп  козголду. Атап айтканда Кыргыз Республикасынын аймагында словакиялык технологияларды жана өндүрүштү: электроника, айнек өндүрүшү, автомобиль тетиктери ж.б локалдаштырууга өз ара кызыкчылыгы айтылды.  Ошону менен бирге словакиялык тарап Словакия Республикасынын Эксимбанкынын  каржылоосу аркылуу алардын наркынын 30%га чейинки долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү: кош салык салууну жоюу, ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн  инвестицияларды коргоо боюнча  ниетин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ЕАЭБ, Борбордук […]

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бажы алымдарын, салыктарды жана тарифтик преференцияларды төлөө боюнча жеңилдиктер

Улуттук агенттик улуттук кызыкчылыктарды жетекчиликке алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүүгө максималдуу көмөк көрсөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 “Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык так иш алып барып, иштин төмөнкү артыкчылыктуу түрлөрүнө (экономиканын секторлоруна) ылайык келген инвестициялык долбоорлордун реестрин түзөт жана жүргүзөт: 1) инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүштөрү; 2) жеңил өнөр жайы; 3) тамак-аш өнөр жайы; 4) энергетика; 5) айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү; 6) чогултуу өндүрүшү; 7) туризм; 8) экспортко багытталган өндүрүш; 9) байланыш тармактары жана коммутация системалары; 10) автомобиль транспорту жана жол курулушу; 11) банк жана төлөм иши; 12) саламаттыкты сактоо (медицина жабдуулары, мунун ичинде алардын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрү, ошондой эле медицина багытындагы буюмдар); 13) аба транспорту (жарандык жүргүнчүлөр учактары). Аларга карата Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерине импорттоодо ташып келүү  […]

Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

2022-жылдын 29-мартында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  ИУАнын   директору  Р.А. Сабиров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын  биринчи орун басары А. О. Кожошев Дубайда өтүп жаткан  Өкмөттөрдүн дүйнөлүк 8-саммитине катышууда. Ушул  саммитте кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты, республиканын экологиялык айыл чарба продукциясын экспорттоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү, санариптештирүү, гидроэнергетикалык потенциалы тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия регионунун  транзиттик хабы   болуу үчүн    Кыргыз Республикасынын потенциалы жөнүндө  презентация жасады.            Маалымат үчүн: Өкмөттөрдүн дүйнөлүк 8-саммити 140 өлкөнүн лидерлерин (2000 катышуучу) өкмөттөрдүн келечегин калыптандырууга өбөлгөлөөчү тажрыйба, билим жана идеяларды алмашуу үчүн  каржы, экономикалык жана социалдык чөйрөдөгү маселелерди талкуулоо максатында чогултту. Ошондой эле  форумдун алкагында  коомдук жетекчилик жаатындагы акыркы тенденцияларын жана алдыңкы тажрыйбаларын чагылдырууга багытталган, глобалдык көйгөйлөрдү  божомолдоо  үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн түрдүү семинарлар, 110 сессия жана демилге өткөрүлүүдө. 2013-жылдагы биринчи саммиттен тартып 2019-жылга чейин 1000ден ашык сессиялар жана семинарлар өткөрүлдү. Жети саммитке […]

Кыргыз Республикасынын аймагында текстиль ишканасын куруу маселесин талкуулоо

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча  улуттук агенттиктин директору Р.А. Сабиров текстиль “ZELAL TEKSTIL” ишканасында болду. Өзбекстандагы алдыңкы текстиль ишканаларынын бири болгон ишкана 2006-жылы Ташкентте негизделген. Өндүрүштүк комплекс 124 миң чарчы метр аянтка жайгаштырылган, ал трикотаж кездемелерин өндүрүү жана  жасалгалоо үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган, ушунун аркасынан фабрика жылына 15 миң тонна трикотаж кездеме чыгара алат. Ошол эле учурда ZELAL TEKSTIL Кыргыз Республикасындагы “Декна Бишкек Текстиль” ЖЧКсынын текстиль ишканасын куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда. “Декна Бишкек Текстиль” ишканасы Кара-Балта шаарындагы текстиль материалдарын чыгаруу боюнча фабриканы ишке ашыруунун биринчи баскычын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат. Бүгүнкү күндө ишкана токтоп турган Кара-Балта килем комбинатын сатып алып, учурда токтоп турган ишкананы реконструкциялоо иштери жүрүп, 135тен ашуун адам чатырын жабуу, айнек жабуу, ички иштер жана жабдууларды орнотуу үчүн аянттарды даярдоо менен алектенүүдө. Жогоруда баяндалгандарды  эске алуу менен  биринчи баскычтын  бүтүшү жана өндүрүштүн […]

Кыргызстанда 22 араб өлкөсү жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда бизнес-форум уюштуруу пландалууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти Сабухи Аттар менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшан Сабиров “TURAP” Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын” президенти, Тунис Республикасынын Измир шаарындагы ардактуу консулу Сабухи Аттар башчылыгындагы түрк ишкерлерин кабыл алды. Жолугушууда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров С.Н. Жапаров президенттик кызматка келгенден кийин кыргыз-түрк алакаларынын жаңы деңгээлге чыкканын, ушундай шарттарда агентикке “улуттук” статусу берилгенин, бул болсо мындан ары түздөн-түз президенттин алдында жумуш алып барууга мүмкүнчүлүк берерин, ошондой эле инвесторлор үчүн керектүү болгон бардык жагымдуу шарттар түзүлөрүн белгиледи. Өз кезегинде “TURAP | Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти”, Тунис Республикасынын Измир шаарындагы ардактуу консулу Сабухи Аттар Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо максатында атайын жумушчу сапар менен келгенин айтып, алдыдагы убакытта 22 араб өлкөсү жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда Кыргызстанда бизнес-форум жана жарманке уюштурууну пландап жатышканын […]