Кыргыз Республикасынын аймагында текстиль ишканасын куруу маселесин талкуулоо

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча  улуттук агенттиктин директору Р.А. Сабиров текстиль “ZELAL TEKSTIL ишканасында болду.

Өзбекстандагы алдыңкы текстиль ишканаларынын бири болгон ишкана 2006-жылы Ташкентте негизделген. Өндүрүштүк комплекс 124 миң чарчы метр аянтка жайгаштырылган, ал трикотаж кездемелерин өндүрүү жана  жасалгалоо үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган, ушунун аркасынан фабрика жылына 15 миң тонна трикотаж кездеме чыгара алат.

Ошол эле учурда ZELAL TEKSTIL Кыргыз Республикасындагы “Декна Бишкек Текстиль” ЖЧКсынын текстиль ишканасын куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда.

“Декна Бишкек Текстиль” ишканасы Кара-Балта шаарындагы текстиль материалдарын чыгаруу боюнча фабриканы ишке ашыруунун биринчи баскычын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат. Бүгүнкү күндө ишкана токтоп турган Кара-Балта килем комбинатын сатып алып, учурда токтоп турган ишкананы реконструкциялоо иштери жүрүп, 135тен ашуун адам чатырын жабуу, айнек жабуу, ички иштер жана жабдууларды орнотуу үчүн аянттарды даярдоо менен алектенүүдө.

Жогоруда баяндалгандарды  эске алуу менен  биринчи баскычтын  бүтүшү жана өндүрүштүн башталышы 2022-жылдын экинчи кварталында күтүлүүдө.

Менчик формасы: жеке менчик

Негизги иши: жеңил өнөр жайы

Жумуш орундарынын саны: 1000

Инвестициялардын көлөмү: 33 342 000 млн сом