Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Бавария жеринин Экономика, регионалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлигинин өкүлү Андреас Ройхляйн башында турган Бавария Федералдык жеринин (ГФР) экономикалык делегациясы менен жолугушту. Улуттук агенттиктин директору кызматташуу багыттары жана Германиядан КРга инвестициялар бөлүгүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымат берип, ошондой эле жалпы өлкөбүздүн инвестициялык климаты, жеңилдиктери жана преференциялары жөнүндө айтып берди жана Германиянын сапат стандарттарына ылайык күн электр станцияларын курууга, аэропортторду модернизациялоого, тамак-аш лабораторияларын курууга инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. Өз кезегинде Андреас Рохляйн мырза Кыргызстандын гидроэнергетика, шамал энергетикасы, күн энергетикасы жаатындагы бай потенциалы жана машина жана станок куруу секторлорунда бизнес-өнөктөштүктү түзүү мүмкүндүгү жөнүндө белгиледи. Мында Бавария жеринин Экономика, регионалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлиги бул максаттарга жетүү үчүн ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Германия Федеративдүү Республикасынын экономикалык делегациясынын курамында Бавария жеринин Экономика, регионалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле энергетика, өнөр жай, […]
Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жээналиев Жалын Муратбекович Нидерланд Королдугундагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу Ж.Б. Кошоева жана нидерланд компанияларынын жетекчиси И. Бирман менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Нидерланд Королдугунун ортосундагы экономиканын ар кыл секторлорунда кызматташуу маселелери, ошондой эле Жибек жолу өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган китеп чыгаруу маселелери талкууланды. Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө китеп чыгаруу үчүн жана Нидерланд Королдугунун ишкерлери үчүн бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирди.
2023-жылдын 13-июлунда Улуттук агенттиктин имаратында директордун орун басары Ж.М. Жээналиев Италия-Россия соода палатасынын президенти Фернандо Пелазцо мырза менен жолугушту. Эки тарап тең текстиль индустриясына кызматташууга даяр экендигин билдирди. Пелазцо мырза Италияда өндүрүлгөн текстиль товарлары дүйнөлүк рынокто чоң суроо-талапка ээ экенин баса белгиледи. Ошондуктан Кыргыз Республикасы менен бул багытта кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү ниетин билдирди. Текстиль товарларынын экспортун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Директордун орун басары Ж.М. Жээналиев кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирип, Кыргыз Республикасы инвестицияларды тартуу жана италиялык компаниялар менен биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды берүүгө даяр экендигин белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында Италия жана Кыргыз Республикасынын ортосунда текстиль индустриясында өнөктөштүгүн өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар белгиленди. Эки тарап тең экономиканын маанилүү секторунун биринин ийгиликтүү өнүгүшү үчүн бардыгын жасоого ниетин билдирди.
Корея Республикасында атамекендик продукцияны жайылтуу максатында Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте 29-июндан 1-июлга чейин Сеул шаарында өткөн “Korea Import Fair 2023” эл аралык көргөзмөсүнө атамекендик компаниялардын катышуусун уюштурду. Бул көргөзмөдө атамекендик бизнес өкүлдөрүнүн бал, кыям, варенье, чүйгүн эт сыяктуу товарларынын түрлөрү коюлган. Бул көргөзмөнүн уюштуруучулары Кореянын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин колдоосу менен Корея Импортоочулар Ассоциациясы (KOIMA) болуп саналат. Көргөзмөгө катышуунун жыйынтыгы боюнча компаниялар тышкы соода контракттарын түзүү максатында потенциалдуу сатып алуучуларды табууга мүмкүнчүлүк алышат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана “Логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча кыргыз-америка ассоциациясы” КБ меморандумга кол коюшту, ага ылайык бэк офистеринин ишин изилдөө үчүн Индияга жана АКШга таанышуу сапары уюштурулат. Меморандумдун максаттары: 1. Логистика аутсорсингинин Борбордук Азия хабын түзүү; 2. Аутсорсинг чөйрөсүн өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында диспетчердик компанияларды бириктирүү; 3. Коңшу өлкөлөр менен “Өзбекстан жана Казакстан”тажрыйба алмашуу; 4. КР жарандарын окутуу (квалификацияны өзгөртүү); 5. Учурдагы диспетчерлердин квалификациясын жогорулатуу; 6. АКШ рыногуна чыгуу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү кадрлар резервин түзүү; 7. Региондордо окутуу курстарын жана жаңы жумуш орундарын түзүү; 8. АКШ эксперттерин тартуу; 9. Жаңы аутсорсинг компаниялары үчун консультация; 10. КР аймагында америкалык компаниялардын бэк офистеринин ачылышы. Ошентип, Улуттук агенттик “КААРУЛ” КБ менен биргеликте 5000 жумушчу 2028-жылга чейин орун түзүүнү пландаштырууда.
Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев түштүк кореялык “Green Page” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында иштетилген машина жана өндүрүш майларын кайра иштетүү боюнча завод куруу долбоорун ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. “Green Page” компаниясынын башкы директору Ким Ки Пунг белгилегендей компания колдонгон алдыңкы технология күнүнө 40 миң литрге жакын майды кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет, бул өндүрүштүн жогорку кубаттуулугун көрсөтөт. Улуттук агенттиктин жана “Green Page” компаниясынын өкүлдөрү бул долбоорду өнүктүрүүгө өз ара кызыгууларын билдиришти жана Кыргыз Республикасында майларды кайра иштетүү индустриясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жалпы түшүнүүгө келишти. Өндүрүш жана машина майларын кайра иштетүүчү завод аймакка экологиялык жана экономикалык пайда алып келерин, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзөрүн баса белгилей кетүү керек.
Улуттук агенттиктин директору У. Т. Темиралиев жалпы кубаттуулугу 50 МВт болгон “Күн Булагы” күн электр станциясы курулуп жаткан жер менен таанышты. Долбоор Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагында ишке ашырылууда. Долбоордун инвестициялык жалпы көлөмү 35 млн.АКШ долл. ашыкты түзөт. Долбоор “Күн Булагы”ЖЧКсы менен Казакстан Республикасындагы ЭКБ чөйрөсүндөгү бир катар долбоорлордо (“Кенгир” КЭС, “Балхаш” КЭС, “Капчагай” КЭС ж.б.) инвестор катары иш алып барган казакстандык “TGS-Energy Limited” компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда. Бул долбоор Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө биринчилерден болуп саналат. Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана ички суроо-талапты жарым-жартылай жабууга өбөлгө түзөт. Буга чейин компания Тору-Айгыр айыл аймагындагы жалпы аянты 80 га жер тилкесин алуу боюнча конкурста жеңип чыккан. Бүгүнкү күндө инвестор тарабынан долбоордун ТЭНи иштелип чыкты жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы”ААКдан алдын ала техникалык шарттар алынды. Ошондой эле “Күн Булагы” ЖЧК […]