Кыргызстан жана Италия текстиль индустриясында кызматташууга даяр

2023-жылдын 13-июлунда Улуттук агенттиктин имаратында директордун орун басары Ж.М. Жээналиев Италия-Россия соода палатасынын президенти Фернандо Пелазцо мырза менен жолугушту.

Эки тарап тең текстиль индустриясына кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пелазцо мырза Италияда өндүрүлгөн текстиль товарлары дүйнөлүк рынокто чоң суроо-талапка ээ экенин баса белгиледи. Ошондуктан Кыргыз Республикасы менен бул багытта кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү ниетин билдирди.

Текстиль товарларынын экспортун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Директордун орун басары Ж.М. Жээналиев кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирип, Кыргыз Республикасы инвестицияларды тартуу жана италиялык компаниялар менен биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Италия жана Кыргыз Республикасынын ортосунда текстиль индустриясында өнөктөштүгүн өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар белгиленди.

Эки тарап тең экономиканын маанилүү секторунун биринин ийгиликтүү өнүгүшү үчүн бардыгын жасоого ниетин билдирди.